Интернетте Жол кайгуул кызматынын инспекторлору делген адамдардын автоунааны токтотуп, андагы «мас абалындагы» айдоочу кызды суракка алып жаткандыктары тартылган видео пайда болду. Анда видеодогу кыздын өзү «мас эмес» экенин билдирип, жарандык кийимчен белгисиз адам алып кеткен документтеринин кайтарылып берилишин талап кылууда.

Видео Facebook социалдык түйүнүндө 4-июлда пайда болгон — белгисиз адамдар кыздын башкаруусундагы автоунааны токтотушкан — алардын айтымдарында, кыз «мас абалында» болгон.

Кыздын өзү жарандык кийимчен белгисиз адам алып кеткен документтерин кайтарып берүүнү талап кылууда.

Видеороликтин каарманын айткандарына ылайык, видеону «жол кайгуул кызматынын инспекторлору» тартышкан.

«Мени эмнеге токтоттуңар? Эмнеге менин документтеримди сиз албай, жарандык кийимчен бирөө алууда», — деп сураган кыз ЖКК инспеторунан.

«ЖКК кызматкерлери» аны токтоткон белгисиз адам токтоткондон кийин милиция кызматкерлерин чакырган «Кыргыз Республикасынын жараны» болорун айтып жооп беришкен. Андан соң белгисиз адам кызды унаага түртүп киргизип кеткен.

Бишкек шаардык ЖККсынын басма сөз кызматынан ал окуяга байланыштуу эч нерсе айтып бере алышкан жок. Ички иштер министринин орун басары Рыскул Жапаркулов Kloop.kgге берген маегинде «окуяны териштире тургандыгын» убадалады.

«Эгер бардык материалды беришсе мен ал окуяны териштирем. […] Ак-Жол өтмөгүнөн Чолпон-Атага чейинки жолдо жарандар жардам сурап кайрыла ала турган менин телефон номурум, ошондой эле Ички иштер министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин, ЖКК башчысынын байланыш даректери көрсөтүлгөн такталар илинип турат», — деп билдирди ал.

Видео «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «БеспределKG» тобуна «Мындай келесо шопурлар да болот» деген аталыш менен 4-июлда жайгаштырылган. Колдонуучулардын арасында ролик карама-каршылыктуу эмоцияларды жараткан: кимдир бирөө аны жаңы Чодронова деп атаса, башкалары тескерисинче, кыз ЖКК кызматкерлери менен талашып туура кылып жатат деп эсептешкен.

«Жазыксыздык жоромолун эч ким алып салган эмес, эмнеге МАИ кызматкери эч кандай экспертизасыз эле аны мас деп, дагы куюп берүүнү сунуштап жатат? Бул МАИчинин адепсиз аракети. Кыз документтерин алып кетип калгыдай анын ким экендиги тууралуу туура суроо берүүдө. Бир мүнөттүк үзүндүнү көрүп алып жыйынтык чыгаруу туура эмес деп ойлойм», —деп колдогон кызды Бекбол Мамбетов аттуу колдонуучу.

«Кыздыкы туура, жарандык кийимчендин аны токтотуп, документтерин алып кетүүгө укугу жок болчу, ЖККнын дагы этиканы бузуу менен антип мазактоого укугу жок болчу, чынында ар бирибиз тигил татынакай кыздай кылмакпыз! Жазыксыздык жоромолу сакталышы керек, аны айдоочулук күбөлүгүнөн ЖКК эмес, а сот гана ажырата алат», — деп пикирин калтырган Бахтияр Чонозов.

«Балким бала жаран катары өз позициясын көрсөтүп, жолдо чайкалып келе жаткан унааны токтоткондур? Бул эмнеси менен жооп эмес? Ал аны кырсык тобокелдигин жоюу, денеге зыян келтирүүнү же адам өлүмүн алдын алуу үчүн токтоткондур. Ал ким? Ал ким? I am your superman…», — деп эсептейт Кайрат Абылкасымов деген колдонуучу.

«Кыз ишенимдүү турат, Мелис байкенин таанышы», — деген  пикирин калтырган Тилеген Абдыкаимов аттуу колдонуучу.