Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек тилдүү мектептердин директорлору менен мугалимдери жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын жоктугунан улам окуучулары тестке кыргыз тилинде даярданууга мажбур болуп жаткандыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, бул окуучулардын тесттеги жыйынтыктарына терс таасирин тийгизип жатат.

Кыргызстандын бийлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын 2013-жылы жойгон — андан бери өзбек тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү тестти орус же кыргыз тилинде тапшырууга мажбур болуп келишет.

Билим берүү министрлигинин алдындагы Профессионалдуу билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукова Kloop.kgге берген маегинде мекеме өзбек тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө тесттерге кыргыз же орус тилинде даярдануулары керектиги тууралуу алдын ала маалымат бере тургандыгын айтты.

Лейлек районунун Исфана шаарындагы Амир Тимур атындагы мектептин директору Давранбек Кудайназаров жалпы район боюнча өзбек тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн болжолдуу саны 500дөн 600гө чейин экенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик ЖРТнын өзбек тилдүү версиясын жойгонго чейин бүтүрүүчүлөрдүн орточо жыйынтыктоочу упайы 170-180ге чейин жеткен.

«Бирок ЖРТдан өзбек тилин алып салгандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн алган упайлары 20-25ке төмөндөп кетти. Азыр 150нүн айланасындагы упайларды алып жатышат», — деп билдирди Кудайназаров.

Исфана шаарындагы №4 гимназиянын директору Бумайрам Халматова жыл сайын анын мектебин 18 бүтүрүүчү аяктап, алар тесттерге бир жыл бою кыргыз тилинде даярдана тургандыктарын айтты.

«Тестти кыргыз тилинде тапшырган алгачкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн алган упайлары төмөн болгон. Эми ЖРТнын кыргыз тилинде тапшырыларын билгенден кийин окуучулар кыргыз тилин алдын ала үйрөнүшүп, тестке жакшы даярдык көрүп, жакшы тапшырып жатышат», — деп билдирди Халматова.

Ал 2015-жылы окуучуларынын арасындагы эң жогорку упай 180 болгондугун билдирип, тестти өзбек тилинде тапшырганда бүтүрүүчүлөр 200дөн ашык упай алып келгендиктерин кошумчалады.

Баткен облусунун Үч-Коргон айылындагы мектептин мугалими Жананая Абдрахманова тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы жоюлгандан кийин өзбек тилдүү бүтүрүүчүлөрдүн тестте алган упайлары 25 пайызга төмөндөп кеткенин билдирди.

Анын айтымында, эгер буга чейин өзбек тилдүү бүтүрүүчүөрдүн арасындагы эң жогорку упай 139ду, а эң төмөнкүсү — 89ду түзүп келсе, эми жогорку упай — 110, а эң төмөнкүсү — 85 болуп калган. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Билим берүү министрлиги тарабынан белгиленген эң төмөнкү упай 110ду түзөт.

Билим берүү министрлигинин 2013-жыл үчүн берген маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча жалпысынан негизги тил катары өзбек тили эсептелген жүзгө жакын өзбек тилдүү мектеп бар болгон.

Бирок бул көрсөткүч жыл сайын азайууда, анткени өзбек тилдүү мектептер акырындык менен аралаш же жалаң кыргыз тилинде билим берген мектептерге которулууда.

Өзбек тилдүү версиясынын жоюлушу

Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы 2013-жылдын сентябрында жоюлган — анда өкмөт ЖРТга кыргыз жана орус тилдерин бекиткен.

Токтом кабыл алынганга чейин бүтүрүүчүлөр ЖРТны өзбек тилинде же каалоочулардын саны жетиштүү болсо башка каалаган тилде тапшыра алышкан.

Анда ЖРТны уюштуруу менен алектенген Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борборунун директору Инна Валькова өкмөттүн токтомуна каршы чыгып, тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясынын жоюлушун «туура эмес» деп атаган.

«Өзбек тилдүү мектептер бар болуп тургандан кийин алардын бүтүрүүчүлөрү тестти өзбек тилинде тапшырышса жакшы болмок. Бул тест жөндөмдүүлүк тести болгондуктан мында кеп алардын кайсыл бир мамлекеттик документтерди өзбек тилинде жазуулары керек деген жөнүндө болбой эле, болгону алар өз жөндөмдүүлүктөрүн өзбек тилинде жакшыраак көрсөтө алышат», — деп билдирген анда ал.

Кийинчерээк, Билим берүүнү жана окутуунун ыкмаларын баалоо борбору эгер «суроо-талап болсо» өзбек тилинде тест тапшыруу сакталып калышы мүмкүндүгүн билдирген.

Өзбек тилиндеги тестирлөө

Тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясы тесттер башталгандан бери эле бар болчу, бирок Кыргызстанда аны өзбек тилинде өткөрүүнүн муктаждыгы жөнүндөгү талаш-тартыштар 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө болгон кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышуудан кийин өзгөчө күчөгөн.

Ал эмес бул маселе 2012-жылдын башында республикалык тестирлөөнүн өзбек тилдүү версиясын жоюуну талап кылган бир катар жаштар уюмдарынын нааразычылыктарын жараткан.

Өз кезегинде Кыргызстандын укук коргоо уюмдары ал версияны жоюу өзбек тилдүү мектеп окуучуларынын укуктарын бузаарын билдирип чыгышкан.