Кыргызстанда эки жер титирөө катталды

Бүгүн Ош шаарынан түндүктү карай жайгашкан жерде 2.5, Ат-Башыда болсо 2 баллды түзгөн жер силкинүү жүз берген. Зилзаладан жабыр тарткандар жок.

Сейсмология институтунан Kloop.kgге билдиргендей, эки жер силкинүү тең эрте менен катталган.

“Биринчи жер титирөө саат 08:21 мүнөт өткөндө Оштун жанында 2,5 баллда болуп өттү. Бул эң эле кичинекей көрсөткүч, араң эле сезилет. Экинчиси 08:43 мүнөт өткөндө Кытайда, Кашкардын жанында 300 километр аралыгында. Ал жерде 5 баллдык жер титирөө болду. Какшаал, Ат-Башылырда араң 2 баллга жеткен силкинүү болду”, - деди Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахманов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жок экендигин айтты.

“Бул жерде жабыркагандар болгон жок. Силкинүүнүн көрсөткүчү кичинекей болгондуктан бул ӨКМге деле кирбейт”, - деп билдирди Kloop.kgге мекеменин басма сөз катчысы Элмира Шарипова.

Өлкөдө акыркы алты ай аралыгында 500дөй жел силкинүү катталган болсо, алардын эң чоңу Ош облусунун Нура айылында жүз бергенин айтышты Сейсмология институтунан.

ӨКМнин маалыматына ылайык, буга чейин май айында катталган Нурадагы 5 баллдык жер титирөөдө жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Даярдагандар: Перизат Кубанычбекова, Адина Байсалбекова