8-июлда Огонбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кургак чөптүү аянтта өрт тутанып, ал аймакка алыс эмес жерде иштеп жаткан курулушчулар өрт өчүрүү кызматын чакырышкан.

Алыс эмес жерде имарат куруу менен алектенип жаткан курулуш бригадасынын башчысы Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маегинде өрт өчүрүү кызматы келгенге чейин жумушчулар өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылгандыктарын айтты.

«Түтөп баштаганда биз 101ге телефон чалдык. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин жумушчулар менен бирге өз чакаларыбыз менен өрт өчүрүү каражаттарыбызды алып өчүрүп баштадык. Өрт өчүрүү бригадасы үч мүнөттүн ичинде келип өрттү дароо эле өчүрүп койду», — деди ал.