Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга болгон баалардын өсүүсү июлдун аягына чейин уланарын билдирүүдө — муну уюмдан Орусияда күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашы жана «мезгилдүү факторлор» менен түшүндүрүп жатышат.

Июлдун башында бензиндин баасы эки сомго кымбаттаган. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциация баалардын өсүүсү күйүүчү майдын түрлөрүнө жараша июлдун аягына чейин 8 пайыздан 15 пайызга чейинки көрсөткүчтү түзүүсү мүмкүндүгүн эскертишүүдө.

Ассоциациядан күйүүчү майдын кымбатташынын дагы бир себеби катары бензиндин бир тоннасына болгон акциздик салыктын 3000 сомдон 5000 сомго чейин жогорулашы эсептелерин билдиришүүдө — мындан улам бензиндин бир литрине болгон баа болжол менен 1,5-2 сомго жогорулаган.

Өкмөт бензинге болгон акциздик салыкты 2015-жылдын 1-июнунан баштап жогорулаткан. Анда Кыргызстандын бийлиги акциздердин жогорулашын өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен түшүндүргөн.

«Акциздин ченин жогорулатуу деңгээли Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдө белгиленген өсүү тенденцияларына жакындаштырылган, бул аткезчилик продукциянын көбөйүү тобокелдигисиз бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча потенциалды пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргызстандын катышуусу менен бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүүгө жакшы таасир этет», — деп жазган vb.kg сайты парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин эксперттеринин айткандарын.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан бензиндин кескин кымбатташынын дагы бир башка себеби «мезгилдик фактор» — Орусияда күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо-талаптын өсүүсү экенин кошумчалашты. Орусия Кыргызстанга негизги күйүүчү май жеткирүүчү болуп эсептелет.

«Өндүрүүчү заводдор майдан баштап 8-15%га жогорулатышты. Азырынча бул мезгилдик фактор», — деди Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аты-жөнүн айтуудан баш тарткан өкүлү.

«КирТАГ» маалымат агенттиги Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматына шилтеме жасоо менен заводдор күйүүчү майга болгон суроо-талапты камсыздоого жетишпей калып жаткандыктан  Орусиянын мунай азыктарынын рыногунда жыл сайын «чыңалган абал мезгили болорун» билдирүүдө.

«Андан сырткары ал мезгилде мунайды кайра иштетүү заводдорунун көбүндө пландалган оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт, бул болсо сунуш көлөмүнө сөзсүз таасирин тийгизет. Дүң баалардын жогорулашына мунай продуктуларын экспорттоонун көбөйүшү жана жогорку экспорттук паритеттен улам бензинди Беларустан импорттоонун азайгандыгы кошумча фактор болду», — деп жазган басылма Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүн.

«Азаттык» радиосу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеевге шилтеме жасап, баалардын өсүүсү Орусиянын мунай продуктусун ички дагы, сырткы дагы рынокко кымбат сатып жатышына шартталгандыгын билдирген.

«Ал эми Кыргызстан Орусиядан 100% майды импорттогондуктан, баага эч кандай таасир этүүчү рычагдар жок», — деп жазган «Азаттык» Акенеевдин айткандарын.

Бензиндин Кыргызстанда кымбатташы Орусияда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын кескин өсүүсүнүн фонунда болууда. «Ведомости» гезити баалардын эң жогорку секириги Сибирде болгондугун билдирүүдө — анда орточо эсеп менен 40 тыйынга жогорулаган.

Басылма чекене сатуудагы баалардын өсүүсү июндун аягында Санкт-Петербургдагы соода-сырьелук биржадагы секириктен кийин болгондугун кошумчалаган.

Акыркы жолу күйүүчү-майлоочу майга болгон баалардын өсүүсү 2014-жылдын күзүндө болгон — анда бензин украин каатчылыгынын фонунда батыш тараптан орусиялык мунай-газ корпорацияларына карата санкциялардын киргизилишинен улам кымбаттаган.

Бирок ноябрь-декабрь айларында күйүүчү майдын баасы кайрадан төмөндөп, 2015-жылдын майынын аягына чейин өзгөрүүсүз турган.