Жергиликтүү ЖМКлар Жалал-Абал облусунун Аксы районунда «күйдүргү» оорусуна шектелип сегиз киши жергиликтүү оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылгандыгын билдиришүүдө.

«Азаттык» радиосу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме жасап, ооруканага жаткырылгандар «атайын шартта дарыланып жаткандыктарын» билдирди.

Басылма алдын ала маалыматтарга ылайык, оору аталган райондун Жаңы-Талап жана Ак-Сай айылында союлган малдын этинен жуккан болушу ыктымалдыгын белгилеген.

«КирТАГ» маалымат агенттиги билдиргендей, учурда аталган айылдарда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен маектешип, эпизоотикалык иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан жумушчу күн аяктап калгандыгын шылтоолоп, Kloop.kgнин кабарчысына маалыматты ырастап бере алышкан жок.

ӨКМдин басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

«Күйдүргү» ― малдан жуга турган өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оору.

«РИА Новости» оору адамдан адамга жукпастыгын билдирүүдө. Инфекцинын организмге кирген жолдоруна карай 3 түргө: тери, ичеги-карын жана дем алуу органдарын жабыркатуучу болуп бөлүнөт.

Оорунун козгогучу катары «антракс» аталат, өз аталышын ал тери формасындагы ириңдин уясынын түсүнөн алган.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун маалыматтары боюнча, «күйдүргү» эң байыркы инфекциялардын бири болуп эсептелет. Анын белгилери биздин заманга чейин 1250-жылы белгиленген.

«Антракска» каршы алгачкы эмдөө 1881-жылы француз микробиологу Луис Пастер тарабынан табылган.

Акыркы 100 жылдын ичинде күйдүргүнүн ири эпидемиясы Советтер Союзундагы Свердловск шаарында (азыркы Екатеринбург) 1979-жылы катталган ― Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборунун маалыматтары боюнча, анда оорудан 70ке жакын киши каза болгон.

2001-жылдын октябрында АКШда жаңжал чыккан ― белгисиз адамдар «күйдүргүнүн» порошогу салынган конверттерди америкалык сенаторлор менен жаңылыктар басылмаларынын кеңселерине жөнөтүшкөн. Анда оорунун 22 адамга жуккандыгы катталып, жыйынтыгында 5 киши каза болгон. Ал конверттерди кимдин жөнөткөндүгү дагы деле белгисиз бойдон калууда.

Авторлор: Улугбек Акишев жана Перизат Кубанычбекова.