Депутат Дастан Бекешев анын «Ак-Ниет» партиясы күзүндөгү парламенттик шайлоого Кыргызстандын социал-демократтар партиясы менен бирге бара тургандыгын билдирди.
«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев мындай билдирүүсүн 10-июль күнү эртең менен жарыялады — анда ал тарабынан 2014-жылы негизделген «Ак-Ниет» партиясы парламенттик шайлоого президенттик КСДП партиясы менен барары жазылган. Депутат өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин «жакшы иштерин тааныйт».
«Президент Атамбаев өз айланасына жаш жана прогрессивдүү адамдарды бириктирүү ниетинде, биз бул жагынан ага жардам берүүгө милдеттүүбүз», — деп билдирди Бекешев.
Парламентарий Атамбаев башында турган КСДП парламенттик шайлоого депутаттыкка «кыйла татыктуураак» талапкер боло турган «пикирдештердин күчтүү командасын» алып чыгуусу мүмкүн деп эсептейт.
24.kg маалымат агенттиги «Ар-Намыстын» лидери Феликс Куловго шилтеме жасап, Бекешевдин бул чечими фракция жетекчилиги үчүн «күтүүсүз болбогондугун» жазды.
«Мага келип анын ордуна суранышкан, мен макулдугумду бергем. Биз башка партияларга да жардам берип жатабыз. […] Биздин адамдардын мынчалык популярдуулукка жана суроо-талапка ээ экендигине биз кубанычтабыз. Демек, өзүлөрүнүн кадрлары начар. А биз болсок беш жылдын ичинде жаңы орун басарларды тарбиялап өстүрдүк, а өз тизмебизди жарыялаганыбызда жаңы, кызыктуу ысымдарды көрөсүңөр», — деп жазган 24.kg Куловдун айткандарын.
Дастан Бекешев 2010-жылы «Ар-Намыстын» тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2014-жылы ал өзүнүн «Ак-Ниет» партиясын негиздеген. Бүгүнкү билдирүүсүндө Бекешев партиясын «прогрессивдүү жарандардын биригиши» деп атады.
Парламенттик шайлоо 2015-жылдын күзүндө өтүшү керек — Борбордук шайлоо комиссиясы дагы деле шайлоону кайсыл күнгө белгилөө боюнча бир пикирге келе элек, бирок болжолдуу маалыматтар боюнча, шайлоо 4-октябрда же 1-ноябрда болот.
«Тең салмактуу эмес биригүү»
Саясат таануучу Марат Казакпаев Бекешевдин V чакырылыштагы ишин «жакшы» деп баалап, анын партиясы менен КСДП «тең эмес оюнчулар» экенин кошумчалады.
«Жаш депутат, өтө активдүү болду, башка көптөгөн депутаттарга караганда ага эч кандай доомат жок. Бирок анын партиясы анчалык белгилүү эмес, кичинекей — мында тең эмес оюнчулардын тең салмактуу эмес биригүүсү болуп калууда», — деп эсептейт эксперт.
Казакпаев президенттик партия «күчтүү» болуп эсептелерин жана КСДП менен биригүү кичинекей партия чоңу менен кошулгандай эле «кадыресе практика» экенин айтты.
«Кандай болгондо да шайлоодо «Ак-Ниеттин» өзү өтпөйт деп ойлойм, бирок КСДП Дастан Бекешевге бир орун берет — ал татыктуу», — деп кошумчалады Казакпаев.
Башка саясат таануучу Медет Төлөгөнов Дастан Бекешев үчүн «Ар-Намыс» менен «жүрүү кыйын» жана анын «жалгыз-саясатчы» имиджи шайлоого КСДП менен бирге баруудан башка вариант берген жок деп эсептейт.
«КСДП үчүн анын аздыр-көптүр көз карандысыз жана жаштар жакшы түшүнгөн сабаттуу депутат имиджи ылайык келди. […] Учурдагы сапатында ал белгилүү бир сандагы добуш алып бере алат. Анын кандайдыр бир жердешчилик же дагы башка байланыштарынын жоктугу түшүнүктүү, бирок ал өзүнүн эл алдында көп жүргөндүгү жана белгилүүлүгү менен депутат катары КСДП үчүн белгилүү бир баалуулукка ээ», — деди Төлөгөнов.
Аны менен катар эксперт парламенттин V чакырылышынын тажрыйбасы партиялар менен депутаттардын ортосундагы биригүүлөрдүн «узак болбостугун» көрсөттү деп эсептейт.
«Ошондуктан мындай биригүүлөрдүн келечеги… азыр бардыгынын тең эле тез аранын ичинде жасалып жатканы түшүнүктүү — башкысы мара сызыгы болгон шайлоого чейин жетүү, а андан ары баары башкача болот», — дейт ал.