Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочулары абанын бузулушу жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүнөн кооптонушуп 2014-жылдын күзүнөн бери ал жактагы көмүр кенинин иштетилишине каршы болуп келишет.

2014-жылдын күзүндө Сүлүктүнүн мэриясы «Coal Group» компаниясына шаардан алыс эмес жайгашкан көмүр кенин иштетүү укугун берген. Бирок кендин жанындагы жаңы конуштун жашоочулары анын иштетилишине каршы.

Компания менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы пикир келишпестиктер азыркыга чейин уланып келет — «Coal Groupтун» өкүлдөрү аларда кенди иштетүүгө укуктары бар экенин айтып ишендирип жатышат, бирок жергиликтүүлөр алар менен макул эмес.

Жергиликтүү тургун Элмира Абдылдаеванын айтымында, жаңы конушта жаш үй-бүлөлөр жашашат. Алар жаңы гана Төртүнчү деген айылдан көчүп барышкан, анда да көмүр кенин иштетип башташып, ал айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген.

«Эгер шахта иштеп баштаса, ал биздин жашообузга терс таасирин тийгизет — аба булганып, жолдор бузулат, шахтадан чыгарылып жаткан таштар биздин турактарыбызды жаап калышы мүмкүн деген коркунуч бар. Мындагы жашоочулардын башка жакка көчүп кетүү ниети жок, бул жакка жаңы эле суу жана электр жарыгы берилди», — деди Абдылдаева.

Ал компания жаңы конушка бир нече жолу суу түтүктөрүн, электр зымдарын тартууну жана жол курууну сунуштаганын айтты

«[…] бирок эгер шахта өз ишин баштай турган болсо, анда бизде жашоо болбойт. Биз кенди иштеткен компанияга өз жерибизди бербей тургандыгыбызды айттык», — деди конуштун жашоочусу.

«Coal Group» компаниясынын өкүлү бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болуп чыкты.

Сүлүктүнүн башкы архитектору Шакир Якубов Kloop.kgге берген маегинде 1983-жылдан бери аталган конушта 150 жер тилкеси сатылгандыгын айтты — аларды жакында эле суу жана электр жарыгы менен камсыз кылышкан.

Айтымында, шаар бийлиги көмүр кенинин иштетилишине макул кылуу үчүн жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат, бирок бийликтин позициясы менен эч ким макул болбой эле.

«Шахтанын курулушу калк үчүн зыяндан башка эч нерсе алып келбейт», — дейт Якубов.

Бирок ал шахта Сүлүктүнүн башкы планына киргизилгендигин жана компания менен шаар бийлиги аны иштетүүдөн баш тартпай тургандыктарын кошумчалады. Айтымында, жаңы конуштун жашоочуларын башка жакка көчүрүүгө да болбойт, аткени «шаарда башка жер жок».

Нарккаттам жана кыймылсыз мүлккө болгон укук департаментинин Сүлүктү аймагындагы жетектөөчү адиси Абиакир Пардабаевич Kloop.kgге берген маегинде компания өкүлдөрү кенди иштетүү укугу үчүн жергиликтүү тургундар менен эки жолу соттошуп, сот эки жолу тең кенди иштетүүнү баштоого болот деген чечим чыгаргандыгын айтты.

«Эртең менен ал жакка барып келдик, эл чогулуптур, нааразычылыктарын билдиришти — көйгөйдү чечпей жатышат. Жашоочуларды башка жакка көчүрөлү дегенбиз, бирок Сүлүктүдө башка жер жок. […] Эми эмне болот билбейм — мэрия менен эл чечет», — деп билдирди чиновник.

Сүрөттө: Жергиликтүү бийлик кендин иштетилишине каршы болуп жаткан жашоочулар менен жолугушууда.