Сүрөт: Баткенде өрүк терүү

Үшүк алып кеткендиктен Кыргызстандын айрым аймактарында быйыл өрүк начар болуп калган. Бирок ошентсе да өрүктөн алган түшүмүнө канааттанганын айтат баткендик багбан Жыргалбек Абдижалил уулу.

Batken_Oruk (14)

Жыргалбек Абдижалил уулу өрүк бактарын дарылап, үшүк алуудан бир аз болсо да сактап калган. Бирок алган түшүмү былтыркыга салыштырмалуу аз.

Batken_Oruk (11)

“Жылдагыдай эле өрүктөрдүн астына көңдөрдү салып, дары-дармектерди берип карадык. Былтыркы жылга караганда бир аз суюгураак болду. Бирок азыр бардыгы жакшы. Мүмкүнчүлүктөргө карабай мөмөсүн алып берди”, - деди ал.

Batken_Oruk (10)

Жыргалбек өрүктү Баткендеги базарга алып барып сатат. Анын айтымында, ошол жерден тажик жана өзбек соодагерлери сатып алып өрүктү Москвага чейин алып кетет.

Batken_Oruk (8)

Багбандын өрүк багы 20 сотых. Ал эми ар сезондо алган пайдасы 50 миң сомго чейин жетет.

Batken_Oruk (6)

“Өрүктөн түшкөн пайда 40-50 миң сомго чейин болуп калат. Аны күнүмдүк турмушка эле керектейбиз”, - дейт Жыргалбек.

Batken_Oruk (4)

Batken_Oruk (3)

“Биздин айылдын бардыгында эле өрүк жакшы болду. Бирок башка айылдарда өрүк болбой калды”, - деп бөлүштү багбан.

Batken_Oruk (2)

Сүрөттөрдүн автору: Жыргалбек Абдижалил уулу