Бишкек шаарынын бийлиги «тамак-аштан уулануулардын көп болуп жатышы» жана борбордогу күндүн ысыгына байланыштуу активисттердин Ала-Тоо аянтында массалык ооз ачыруу уюштуруусуна тыюу салды. Уюштуруучулар мэриядагылар кооптонуп жаткан антисанитария ыктымалдыктарын четке кагышууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаар бийлиги борбордук Ала-Тоо аянтында массалык ооз ачыруу уюштурууга уруксат бербегендигин билдирди.

Мэриядан бул чечимин борбордо тамак-аштан уулануу фактыларынын 128 пайызга өскөндүгү жана июлдун башынан бери уланып келе жаткан өтө ысык аба-ырайы менен түшүндүрүштү.

«Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, шаардын аймагында тамак-аштан уулануу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 128 пайызга жогорулаган жана аба ырайынын өтө ысып жатышынан улам тиешелүү шарттары жок көчмө тамактандыруу жайларын уюштуруу сунушталбайт», — деп жазылган муниципалитеттин билдирүүсүндө.

Мэрия жергиликтүү ЖМКларга шилтеме жасоо менен 100дөн ашык киши үчүн ооз ачыруу иш-чарасын өткөрүү 15-июлга пландалгандыгын билдирди.

«Түрдүү маалыматтар боюнча, иш-чара ушул жылдын 15-июлуна белгиленген. Активисттер анда улуттук башбармак тамагын берүүнү пландап жатышкан», — деп кошумчалашты мэриядан.

Андан сырткары мэриянын басма сөз кызматы «Тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, аянтта «андай иш-чараларды» уюштурууга тыюу салынарын белгилеген. Ошондой эле андан массалык ооз ачыруунун уюштуруучулары менен «түшүндүрүү иштерин» жүргүзгөндүктөрүн кошумчалашты.

Иш-чараны уюштурууну пландаган активист Нурбек Ормон уулу Kloop.kgге курган маегинде Ала-Тоо аянтында ифтар өткөрүүгө тыюу салынгандыгынын себептеринин түшүндүрүлгөндүгү тууралуу мэриянын маалыматтарын четке какты.

«Биз [Бишкектин вице-мэри] Айгүл Рыскулова менен сүйлөшкөнбүз, ал массалык ооз ачыруу иш-чарасын антисанитариядан улам өткөрбөө чечимине келгендиктерин айткан. Мен бешбармактан эч нерсе болбостугугун айтып, ага далилдөөгө аракет кылдым, бирок ал ишенбей койду», — деди Ормон уулу.

Айтымында, ал достору менен каражат топтоп, бүгүн, 13-июлда ага азык-түлүк сатып алганы жатышкан, бирок Бишкек мэриясы иш-чараны өткөрүүгө уруксат бербегендиктен ал азыр «конкреттүү эч нерсе» дей албайт.

Ормон уулу менен «мамиледе экендиги» көрсөтүлгөн «Фэйсбуктун» Ellina Malina аттуу колдонуучусу өз баракчасына массалык ифтар өткөрүүнүн уюштуруучулары аны «каалаган адам кире бергидей кылып» кафеде өткөрүүнү «ойлонуштуруп» жаткандыктарын жазды.

«Буга чейин биз азык-түлүктөрүн даярдап берсек студенттик ашканалардын биринде бекер тамак жасап беришет деп пландаштырганбыз. Эми кызмат көрсөтүү үчүн өзүнчө төлөм кошулуп жатат», — деп жазган Ellina Malina.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Бишкек мэриясы мисал келтирген тамак-аш уулануулары боюнча статистиканы айтып бере алышкан жок. Бул боюнча Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын өкүлдөрүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Автор: Умайым Абдыраманова

Сүрөт: Vmenkov / Wikimedia.