Кыргызстандын Мусулмандар Дин башкармалыгы 2015-жылы Рамазан айы «эң узакка созулгандыгын» билдирди. Орозо айт быйыл 17-июлга белгиленди.

Кыргызстандын Мусулмандар Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге майрамдык Айт намаз Бишкектеги эски аянтта 17-июль күнү эртең менен болорун билдиришти.

«Айт намаз эски аянтта болот. Аянтта иш-чараны өткөрүүнү Кыргызстандын Мусулмандар Дин башкармалыгы өзүнө алат», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Рамазан — мусулман жылнаамасынын тогузунчу айы. Бул айда мусулмандар таң аткандан күн батканга чейин орозо кармашат. Рамазан айы ай жылнаамасына карата 29 же 30 күнгө созулат.

2015-жылы Рамазан айы 18-июлда башталган. Муфтияттан быйылкы орозо айы күндөрдүн саны боюнча 2012-жылдан берки «эң узагы» болгондугун билдиришти.

Тема боюнча: Сүрөтбаян: Кыргызстандагы улуттардын ооз ачыруу жөрөлгөлөрү

Быйыл Рамазан айы июлдун алгачкы күндөрүнөн тарта башталган өтө ысык күндөргө туура келди — абанын температурасы күндүзгүсүн 41-42 градуска чейин көтөрүлүүдө.

Орозо кармагандар бир ай бою күндүзү оозуна наар алып, суусундук ичишпейт, ошондой эле Куранда көрсөтүлгөн тыюу салынган нерселерден сактанышат. Орозо кармоодон жин оорулуулар, балдар, улгайган адамдар, кош бойлуулар жана бала эмизип жаткан аялдар бошотулушат.

Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, Орозо айт майрамы эс алуу күнү болуп эсептелет.

Ал күнү эртең менен Бишкектеги эски аянтка миңдеген мусулмандар чогулушуп, Айт намазын окушат.