Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында келип кетти. Ал жогорку кызматтардагы жергиликтүү чиновниктер менен жолугуп, телемедициналык борбордун ачылышына катышып, Кыргызстан менен аскердик жана экономикалык кызматташуу боюнча макулдашты.

Бул Индиянын премьер-министринин 20 жылдан берки Кыргызстанга болгон алгачкы сапары болду. Нарендра Моди Индия өкмөт башчылыгына 2014-жылдын майында дайындалган.

DSC_4497-1024x538

Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка боюнча департаментинин башчысы Жээнбек Кулубаевдин айтымында, Индиянын премьер-министринин сапары акыркы жыл ичинде даярдалган.

SAG_2579-1024x443

Нарендра Моди Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушуусунда Бириккен Улуттар уюмун реформалоо боюнча өз планын тууралуу айтып берди — жергиликтүү ЖМКлар кыргыз өлкө башчысы индиялык премьердин сунушун колдогондугун жазып чыгышты.

DOS_04481-1024x615

DOS_3323

DOS_31751-1024x645

DOS_31311-1024x645

Атамбаев менен болгон жолугушуудан кийин эки өлкөнүн коргоо, маданият жана экономика министрликтеринин башчылары жогору айтылган тармактар боюнча кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюшту. Андан сырткары шайлоолорду өткөрүү маалындагы кызматташуу жана көмөктөшүү тууралуу келишимге Кыргызстан менен Индиянын Борбордук шайлоо комиссияларынын башчылары кол коюшту.

DOS_3229-1024x618

DOS_3273-1024x653

DOS_3346-1024x628

DOS_3390-1024x678

Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз премьер-министри Темир Сариев менен болгон жолугушуусунда экономикалык маселелер талкууланган.

«Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эки өлкө ортосунда экономикалык карым-катнаш өнүгүп келе жатат. Бирок бул соода-экономикалык байланыштын көлөмү бизди канааттандырбайт. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40 миллион доллар болсо, муну 200 миллион долларга жеткирүүгө потенциал бар», — деп билдирген Сариев.

DSC_44791-1024x1024

DSC_4017-1024x714

Сүйлөшүүлөрдөн кийин өкмөт башчылары жаңы телемедициналык борбордун ачылышында болушту — ал кыргыз жана индиялык медиктерге өз ара кеңешмелерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бере турган долбоор.

«Ошондой эле долбоордун алкагында Кыргыз РеспубликасынынDSC_4146-1024x499 сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери үчүн аралыктан окутуу курстарын өткөрүү каралууда», — деп билдирди кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

 

DSC_4148-1024x566

DSC_4159-1024x565

Андан соң Моди Индиянын рухий лидери жана 20-кылымдын биринчи жарымында өлкөнүн Улуу Британиядан көз карандысыз болушу үчүн күрөштүн башында турган Махатма Гандинин айкелинин ачылышына катышты.

DSC_4347-1024x692

DSC_4357-1024x554

DSC_4283-792x1024

Нарендра Моди Кыргызстанга Орто Азия өлкөлөрүнө болгон сапарынын алкагында келип кетти.