Парламенттик шайлоонун так мөөнөтү аныктала элек болгону менен, саясый партиялар шайлоочулардын көңүлүн алууга активдүү киришти.
Макалынын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан.
Өлкөнүн бардык аймактарында жарнама такталары илинсе, аны менен чогуу партиялар ар кыл жолугушууларды өткөрүп, убадаларды байма-бай бере баштаган кези.
Бир гана Бишкекте эмес, республиканын бардык аймактарында партиялар өз жарнактарын, атүгүл телепрограммалар аркылуу да жарнамаларын күчөттү. Тигил же бул партия буга чейинки аткарган иштерин ашыра даңазалоо аркылуу өзүн кыйыр жарнамалоого кадимкидей киришти.
Маселен, Кыргызстандагы башкы партия саналган КСДП өлкөнүн жетишкендиктерин жапырт өз ийгилиги катары сыпаттап жатканын байкоочулар белгилешүүдө.
Партиянын жарнак такталарында, мисалы, уюлдук абоненттердин саны 4,5 миллиондон 7,5 миллионго жеткени, жеңил автоунаалар 350 миңден 1 млн. 200 миңге жетип, калктын саны 6 миллионго өскөнү өңдүү ири статистикалык маалыматтар жүрөт. Мындай жарнакка каяша кылгандардан унаалар менен абоненттердин көбөйүшүнө КСДПнын кандай тиешеси бар деп, социалдык тармактардагы талкууларга жем таштагандар болууда.
Социалдык жетишкендиктерге, мейли ал канчалык лидер саясий күч болсун, саясий партиялардын тиешеси жок дегендердин бири - журналист-талдоочу Турат Акимов:
- Партия - саясый жетишкендикти гана көзөмөлдөш керек, ал эми социалдык жетишкендиктердин партияга эч кандай тиешеси жок. Төрөлүп атат, өлүп атат - буга партиянын таасири жок. Анткени партия – бул саясый орган. Ал социалдык же тирлик орган эмес. Эч кандай ден соолукту да чыңдаган орган эмес.
КСДП буга чейин мамлекеттик жетекчилер менен мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүрөөнүндө элет жерлеринде “Ден соолук караваны”, Бишкек шаарында “Ынтымактуу короо” долбоорлорун ишке ашырганы маалым. Бул иш-чараларды коомчулукта дароо эле президенттин партиясы шайлоого административдик ресурстун жардамы менен камына баштады деп сындап чыгышкан.
Таңууланган жазуулар
КСДПдан кем эмес аракеттери менен азыр "Өнүгүү-Прогресс" партиясы көзгө урунууда. Ал “Жарык шаар” долбоору аркылуу демейде жасалбаган жарыктандыруу иштерин колго алып, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна берешендик менен электр жарыктарын орнотуп, аларды жарнамалар менен тастыктап кетип жатат.
“Сиздин үйүңүз жарык шаар долбоорунда” деген жарнамага пайдаланылган боёк узак жылдар өчпөй, жашаган жердин көркүн бузат экен деп, нааразы болгон тургундар чыкты.
Өзүн Алмаз деп тааныштырган жаран "Өнүгүү" партиясынын жарнактары короонун көркүн кетиргенин айтып даттанды:
- Албетте начар көрүнөт. Ар бир партия кире беришке өзүнүн атын жаза берсе, жаман көрүнөт да. Андан көрө актап, тазалап кетсе, бул партия тазалаптыр деп билип калмакбыз. Карагылачы, аябай эле жаман көрүнүп жатат.
Өздөрүнүн оңой эмес экенин партиялар азыр айыл-шаарларда, жолдордо, көчөлөрдө эле эмес, интернет сайттар, медиа каражаттары аркылуу көргөзүүгө да күжүрмөн киришти. Айрыкча “Бүтүн Кыргызстан Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, КСДПнын жарнактары көзгө кайдан болсо учурайт.
Миң түркүн шайлоо технологиясы
Жарнамаларды илбегени менен жолугушууларда элдин көңүлүн убадалар менен бурган партиялардын алды бул аптада “Ата Мекен” болду. “Атамекенчилердин” 9-июлдагы жолугушуусунда лидер Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарын Канттан баштап Сокулукка чейин кеңейтип, мегаполиске айландыруу демилгесин көтөрдү. Буга чейинки жаңы конуштардагы үй куруучулардын жерлерин мыйзамдаштыруу демилгеси да дал ушул "атамекенчилерге" таандык.
Саясат таануучу Турат Акимов мындай убадаларда шайлоо алдындагы популизмден башка эч нерсе болбогонун айтат:
- Саясый популизмден башка эч кандай майнап чыкпайт. Анткени Текебаевдин депутат болгонуна 30 жылдай болуп калды. Ал 1991-жылдан бери депутат болуп келатат, партиянын эч кандай жетишкендиктери деле жок. Сезондун алдында "ар кандай катмардагы элдин мүдөөсүн аткарабыз" деп ураан катары көтөрүп алды.
Ошентип саясий партиялардын аракеттери шайлоо кампаниясы учурундагы үгүт иштерине дээрлик окшоп турганын айтандар четтен чыгууда.
БШК: жарнакта үгүт байкалбайт
Бирок шайлоого барам деген дымагы күч партиялар жарнактарын жайнатып, убадаларды күчөткөнү менен "шайлоодо мага добуш бер" деген чакырыкты эч бири айта элек.
Ансыз шайлоого аттанам деп турган партиялар мыйзам бузуп жатат деп айтууга болбойт экен. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди:
- Указ чыкканга чейин мыйзам бузуу болбойт. Жакынкы эки жуманын ичинде указ чыгышы керек. Азырынча үгүт иштери жүргөн жок, алар өздөрү тууралуу гана маалымат берип жатат. Эгерде "баланча партияга добуш бериңиз" деген чакырык болсо, анда мыйзам бузуу деп эсептелмек. Биздин байкашыбызча азырынча үгүт материалдар илине элек.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактарда уюштурган саясий партиялардын жармаңкелердин жыйынтыктарына таянган байкоочулар күздө болору күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялардан он чакты партиянын айланасында айыгышкан күрөш болорун болжоп жатышат. Кыргызстанда 200дөн ашык партия бар экендиги маалым.