Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтерге кол койду. Орусия Кыргызстандын биримдикке кошулушу боюнча протоколдорду ратификациялоо процессин аяктаган ЕАЭБдин алгачкы мүчөсү болду.

Путин документтерге 13-июлда кол койду, деп жазылган Кремлдин расмий сайтында.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтер Мамлекеттик дума (Орусия парламентинин төмөнкү палатасы) тарабынан 1-июлда кабыл алынган, а 7 күндөн кийин аларды Орусиянын Федерация кеңеши (парламенттин жогорку палатасы) ратификациялаган.

Орусия Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча документтерди толугу менен ратификациялаган алгачкы өлкө болду.

Казакстандын парламентинин эки палатасы тең Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча документтерди 9-июлда ратификациялашкан, а белорус депутаттары ал процессти 30-июнда аякташкан. Армениянын депутаттары документтерди биринчилерден болуп, 16-июнда эле кабыл алышкан.

9-июлда Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов жергиликтүү ЖМКларга курган маегинде республиканын ЕАЭБге кирүү процесси биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бардыгы тең тиешелүү документтерге кол коюп, алар Евразиялык экономикалык комиссиянын документтер базасына барып түшкөн соң аяктарын билдирген.

13-июль күнү Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык көзөмөлдөө маселелери боюнча министри Валерий Корешков Кыргызстан чек араларды ачууга даярдануу боюнча бардык шарттарды аткаргандыгын билдирген.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн биримдикке кириши үчүн керектүү акыркы протоколдорго 2015-жылдын 8-майында Москвада кол койгон, а 20-майда ал документтерди Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

Июндун ортосунда Атамбаев эл аралык экономикалык форумда Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча бардык жол-жоболордун 1-июлга чейин аякташына үмүттөнөрүн билдирген.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.