Кээ бирлери унаалардын өтпөй жатышын салттуу түрдө суроо-талаптын жайкы мезгилде төмөндөшү менен байланыштырып жатышса, башкалары баарына тең потенциалдуу сатып алуучуларды автоунаа албай турууга түрткөн «каатчылыктын» күнөөлүү экенине ишенишет.

Бишкектеги эң ири «Азамат» базарынын сатып алуучулары автоунааларга болгон суроо-талаптын азайып кеткендигин билдирип жатышат.

Кээ бирлери бул жагдайга «каатчылыкты» айыптап, сатып алуучуларда акчанын жоктугун билдирип жатышат. Башкалары болсо жайдын аягында суроо-талап жогорулайт деген үмүттө. Айтымдарында, учурдагы солгун тартуу «мезгилдүү» көрүнүш.

«Базарда унаалар өтө эле көп болуп кеткен учур келсе керек. Анчалык унаа эч кимге кереги жок. Бирок жылдан жылга июнь менен июль өтүмдүү эмес айлар болуп эсептелип келе жатат», — деди унаа сатуучу Вячеслав.

Сатуучулардын айтымдарында, кардарлардын жоктугу негизинен бюджеттик автоунаалардын рыногуна таасирин тийгизүүдө.

«Негизинен баасы 10 миңге чейинки унааларга таасирин тийгизүүдө. Андай унаалардын сатып алуучулары акчаларын коротпой, сактап калуу аракетинде. А биздин диапазондо жок. Эгер адам кымбат унаа сатып алгысы келсе, ал базарга келип эч нерсеге карабастан сатып алат», — деди премиум-класстагы унаалардын сатуучусу Сергей.

Бүгүнкү күндө базарда бир нече ондоп гана саналган орусиялык өндүрүштөгү автоунаалардын сатуучулары Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин Кыргызстанга орусиялык унаалар толуп калат деп божомолдошууда.

«Менимче, эки жылдан кийин мында жалаң орусиялык автоунаалар болот болуш керек. Канткен күндө да рынок акырындап өзгөрүп жатат. Бажы биримдигине кирдик, демек бардыгыбыз бирге анын эрежелери менен болобуз», — деди орусиялык автоунаалардын сатуучусу Рамазан.