Ички иштер министрлиги видеодогу «кыргыз патриотторунун» сурагынын курмандыгы болгон кыздын ким экенин аныктады. Азырынча кызды кимдер сабагандыгы белгисиз. Ал видеороликтин бардык каармандарына издөө жарыяланды. ИИМдин билдирүүсү боюнча, жабырлануучуну акыркы жолу 2014-жылдын декабрында Екатеринбург шаарында көрүшкөн.

Милиция жабырлануучунун ким экенин аныктады. Ал 1996-жылы Баткен облусунда туулган кыз, аны акыркы жолу 2014-жылдын декабрында Екатеринбург шаарында көрүшкөн.

Жылаңачталган кыздын белгисиз адамдар тарабынан сабалып жатышы тартылган видеоролик интернетте 2015-жылдын июлунун башында пайда болгон.

Сурак жүргүзгөндөр өздөрүн «Кыргызстандын патриоттору» деп тааныштырышкан  Алар кызды «өзбектер менен жаткан, болгондо да Орозодо жана көл жээгинде жаткан» деп айыпташкан.

«Ал ата-энеси жок өскөн, Кыргызстанда турмушка чыккан (жарандык никеде болгон). Ошондой эле ал жергиликтүү психиатр дарыгеринин эсебинде турат жана Ош облусунда дарылануудан өткөн. 2014-жылы А.Ж. Орусиянын Екатеринбург шаарында болгон жана 2014-жылдын декабрында үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү «кыргыз патриотторунун» изине түшүү үчүн кызды издеп жатышат. Милициядан «Kloop.kgнин» кабарчысына азырынча «сурактын» кайсыл жерде болгондугу жана жабырлануучунун каякта экендиги «түшүнүксүз» экенин билдиришти.

«Окуя белгисиз жердеги токой өстүрүү жеринде болгон. Ал Орусияда же бизде болушу мүмкүн. Анын [кыздын] кайсыл жакта экендиги түшүнүксүз. Ал акыркы жолу Екатеринбург шаарында болуп, ошол жактан жоголуп кеткен», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Милиция кыргыз диаспорасынын Москва шаарындагы, Москва облусундагы жана Екатеринбург шаарындагы Консулдук кызматтын кызматкерлери менен биргеликте кызды издөө иштерин улантууда. Ошондой эле издөө иштери Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлүүдө.

Чуулуу видеоролик

Кыздын суракка алынып жатышы тартылган видео тууралуу жаңылык 6-июлда «АКИпресстин» «Репортер» сайтында пайда болгон. Аны жайгаштырган автор укук коргоо органдарын сурак жүргүзгөндөргө карата чараларды көрүүгө чакырган.

Анын айтымында, «жергиликтүү жашоочулар» кызды Рамазан айында «өзбектер» менен жыныстык катнашка барган деп айыпташкан.

«Бир нече кишиден турган жергиликтүү тургандар буга чейин турмушка чыккан баткендик жылаңач кызды суракка алып жатышат. Ага: «Сен эмнеге өзбектер менен жатасың, болгондо да Орозо айында жана көлдө?», деген суроолорду беришкен. Кыз аны шишкебек жегенге чакыргандыктарын жана алар экөө эле болгонун айтып жооп берген. Андан соң берки эркектерден урбоосун жана жазалабоосун өтүнгөн. Видеонун соңунда ал кызды ачык эле сабап башташкан», — деп билдирген анда видеонун автору.

Автордун билдирүүсү видеодогу кадрлар менен коштолгон. Кадрдагы жазууларда видеонун «Bulbul.kg»  видеохостинг сервисине жайгаштырылгандыгы көрүнүп турат. Бирок анда роликтин түп нускасы сайттан өчүрүлгөн.