Белгилүү кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен анын «Тумар КР» бий тобу Түркиянын Yetenek Sizsiniz деген аталыштагы таланттар шоусунун финалында 10-июлда бийлешти. Сынактын баш байгеси — 100 миң евро.

Популярдуу түркиялык Yetenek Sizsiniz таланттар шоусунун финалы 10-июлда Стамбул шаарында болгон. Анда жеңүүчүнү 14-июлда башталган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү аныктайт.