Бишкек шаарындагы Ысык Воскресенск кафедралдык чиркөөсүнүн дубалдарын жаңылоо маалында согушка чейинки мезгилдеги эки икона табылды. Чиркөө кызматкерлеринин айтымдарында, аларды жаңылоо иштеринен кийин чиркөөгө алып калышкан.

Ыйык Воскресенск кафедралдык чиркөөсү 1948-жылы курулган. Андан бери анын башкы имараты бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес.

Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын катчысы Игорь Дронов Kloop.kgнин кабарчысына оңдоп калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө согушка чейинки мезгилдеги жакшы сакталган эки икона — «Моление о чаше» жана «Распятие» табылгандыгын билдирди.

«Шыбактын эски катмарын алып жаткан маалда дубалга тартылган эки икона табылды, алар жакшы сакталыптыр», — деди ал.

Айтымында, иконалардын табылышынан улам чиркөөнү жаңылоо иштеринин мөөнөтү узартылган. Чиркөөнүн жетекчилиги иконаларды ошол жакта эле калтыруу чечимине келишкен. Аларды бетон алкакка жайгаштырып, андан соң дубалдан кесип алышат.

«Биз иконаны айланта бетон алкак жасап, аны дубал менен бирге толугу менен кесип алалы дедик. Бул аракеттердин бардыгы тең жаңылоо иштеринин аякташын көчеңдетүүдө», — деп белгиледи Игорь Дронов.

Табылган иконалар болжол менен 1948-1950-жылдары тартылган. Епархиянын пландары боюнча, «Моление о чаше» иконасы мурдагы ордуна, чиркөөнүн жаңыланган төркү бөлүгүнө жайгаштырылат. «Распятиени» башка жакка которушат.

Кыргыз ССРинин борборунда православ чиркөөсүн куруу маселеси 1943-жылы көтөрүлгөн. Бир жылдан соң Фрунзенин православ коомчулугуна аягына чейин курулуп бүтпөгөн Кирпромсоветтин имаратын сунушташып, жыйынтыгында ал православ чиркөөсү катары жасалган.

1996-жылы туңгуч президент Аскар Акаевдин жарылыгы менен чиркөөнүн аймагы кеңейтилип, жасалган. Анда өлкө башчылары менен Епархия жетекчилери Орто Азиядагы православиенин 125 жылдыгына карата Патриарх Алексий IIнин келишин күтүп жатышкан.

Автор: Алтынай Джалмамбетова