Пара менен кармалган парламент депутаты Хаджимурат Көркмазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал атайын кызматтагылар тарабынан «200 миң доллар пара талап кылууга» айыпталууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Нурлан Тагаев Kloop.kgге берген маегинде баш коргоо чарасы белгиленгенге чейин Көркмазов  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта болорун билдирди.

Көзөмөл органынын өкүлү сот парламентарийдин баш коргоо чарасын качан белгилей тургандыгын тактап айткан жок.

УКМКнын басма сөз кызматынан депутат кармалгандан кийин ал иш боюнча документтердин бардыгы тең Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгендигин жана бул боюнча эч нерсе айта албастыктарын билдиришти.

Депутат Хаджимурат Көркмазов 15-июлда 100 миң АКШ доллары өлчөмүндө «пара алып жаткан жеринен» атайын кызмат өкүлдөрү менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.

УКМКнын маалыматтары боюнча, парламентарий ал акчаны Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин ишин «Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн» анын туугандарынан талап кылган.

«Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты Нариман Түлеевдин ишин Жогорку Сотто оң жагына чечип берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң АКШ долларын сурагандыгын аныкталды», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

2013-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту борбордун мэри болуп турган кездеги «коррупциялык иштери» үчүн Түлеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда Түлеевдин жактоочусу Жогорку сотто ал өкүмдү өзгөрттүрүүгө аракет кылууда.

Кечээ экс-мэрдин уулу Бакыт Түлеев өзүнүн твиттер-эккаунтуна пара талап кылуу боюнча иште Көркмазов жалгыз фигурант эмес болушу мүмкүндүгүн жазган.

Кийинчерээк 24.kg маалымат агенттиги болжолдуу түрдө ал ишке президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин тиешеси бардыгы тууралуу жазган. Бирок президенттин, УКМКнын басма сөз кызматтары менен Нарымбаевдин өзү ал маалыматты четке каккан.

«Хаджимурат менен мен жакшы таанышмын. Ал бир нече күн мурун эле учурда айыпталуучу катары өтүп жаткан экс-мэрдин кызын кабыл алуумду өтүнгөн. Мен баш тарткам. Буга чейин анын кызын өз иш бөлмөмдө бир нече жолу кабыл алгам. Ал камакка алынган мүлктөрдүн арасында Түлеевге таандык эмес мүлктөрдүн бар экендиги тууралуу документтерди алып келген. Ага чейин бул тууралуу Нариман Түлеевдин бир тууганы да билдирген. Мен ал билдирүүлөр Жогорку сотко чейин жеткирилээрин айткам. Акыркы жолу Хаджимурат аны кабыл алууну өтүнгөндө мен баш тарткам. Анда акча тууралуу эч кандай сөз болгон эмес», — деп билдирди Нарымбаев.

Көркмазов депутаттык «Реформалар үчүн» тобунун мүчөсү. Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» фракциясынын тизмесинде шайланып келген.