Борбордук шайлоо комиссиясы менен сегиз саясий партия парламенттик шайлоонун датасы боюнча бир пикирге келишти — ушул жылдын 4-октябры. Бирок акыркы чечимди президент кабыл алышы керек.

Парламенттик шайлоону өткөрүү датасы боюнча талкуу жүргүзүү үчүн сегиз саясий партиянын өкүлдөрү менен Боршайкомдун өкүлү Рашид Бекбасаров 16-июлда жолугушту.

Талаш-тартыш «парламент депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтү» так аныкталбагандыктан улам келип чыккан.

Шайлоолор тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышы үчүн жалпы элдик добуш берүү парламенттин учурдагы депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган айдын алгачкы жекшембисине белгиленет.

Бекбасаров Конституция боюнча парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтүшү керектигин билдирди.

Анын түшүнүшүнчө «депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү» мурунку парламенттин шайлоонун датасы, 2010-жылдын 10-октябрынан тарта башталат. Депутаттардын арасында айтылып жүргөн пикирге ылайык, мөөнөт депутаттардын ант берген күнүнөн, 2010-жылдын ноябрына карап аныкталышы керек.

«Шайлоо качан президент белгилеп, анын датасы президенттин аппараты жана өлкө башчысынын өзү тарабынан аныкталган күнү болот. А шайлоонун датасын кантип аныкташат аны мыйзам боюнча кандай болот карап көрүү керек. А мыйзам боюнча 4-октябрь болуп калууда», — деди Бекбасаров.

Парламенттеги жана анын сыртындагы сегиз — «Ата Мекен», «Республика — Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек», «Күчтүү Кыргызстан», «Ар-Намыс», КСДП жана «Бир Бол» — саясий партияларынын өкүлдөрү шайлоого 4-октябрга даярданып жаткандыктарын билдиришти.

Депутат, парламенттеги көпчүлүк коалициясынын башчысы Феликс Кулов президент Алмазбек Атамбаев шайлоонун датасы тууралуу жарлыкка 22-июлда кол коюшу керектигин айтты.

Бекбасаров эгер президент тиешелүү жарлыкка 5-августка чейин кол койбосо, анда кийинки эки күндүн ичинде БШК шайлоо өтө турган күндү өзү аныктай тургандыгын кошумчалады.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүнүн толук видеосу:

«Кечирээк өтсө жакшы»

Шайлоонун датасы боюнча бир пикирде экендиктерине карабастан БШК дагы, партиялар дагы жалпы элдик добуш берүүнүн кийинчерээк болушун каалашат — бул каалоолорун эки тарап тең даярдык көрүү убактысы менен түшүндүрүшүүдө.

«Жакшылап даярдануу үчүн бизге шайлоонун кечирээк өтүшү пайдалуураак. Биз парламентке шайлоонун датасын октябрдын акыркы жекшембисине жылдыруу сунушталган мыйзам долбоорун киргизгенбиз, бирок ал мыйзам долбоору депутаттар арасында жоголуп кетти окшойт», — деп билдирди Бекбасаров.

«Ата Мекендин» өкүлү жана мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамда «кемчиликтер бар» экенин белгиледи. Айтымында, анткени анда шайлоонун кайсыл датадан (добуш берүү болгон же жаңы шайланган депутаттардын ант берген күнү) беш жыл өткөн соң өткөрүлүшү керектиги так аныкталган эмес.

«Менин жеке пикиримде, депутаттардын жумушунун башталуу мөөнөтүн эсептөө биринчи сессиядагы ант берүү датасынан башталышы керек», — деп билдирди ал.

Анын пикиринде, өкмөт шайлоону 4-октябрда өткөрүүгө даяр болбойт жана «сөзсүз» бир нече аптага жылдырылышын өтүнөт. Жооп катары Кулов премьер-министр Темир Сариев менен жолукканын жана ал аны өкмөттүн шайлоого толук даяр экенине ишендиргенин айтты.

КСДП фракциясынан парламент депутаты Галина Скрипкина Шыкмаматовдун айткандары менен макул болгон жок. Ал парламенттик шайлоонун датасын эсептөөдө 2010-жылдын 10-октябрында болгон мурунку шайлоо күнү гана каралып жатканын билдирди.

«Эбак эле чечип коюшкан»

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлү Алишер Мамасалиев бийлик тараптан шайлоонун датасын аныктоо иштеринин создуктурулуп жатышын сынга алып, бул «бардыгын тең эч нерсе түшүнүксүз абалда кармап туруу үчүн жасалып жаткан тактикалык жүрүш» экенин белгиледи.

Анын айтымында, бийлик менен парламенттик көпчүлүк коалиция өкүлдөрү добуш берүүнүн датасын «эбак эле чечип коюшкан».

«Шайлоонун датасы тууралуу эл алдында түрдүү версияларды айтуу менен алар системага кирбеген партияларды эч нерсе так түшүнүксүз болгон абалда кармап турууга аракет кылып жатышат. Бул 100 метр аралыкка чуркай турган жөө күлүктүн окуясына окшоп жатат. Ага мелдеш башталардын алдында ал 100 эмес, а 150 метр чуркашы керектигин айтат. А ресурстар, күчтөр жана тактика башка нерселерге эсептелген да!» — деди Мамасалиев.

Ал бир айлык айырма шайлоонун акыркы жыйынтыктарында «чоң роль» ойношу мүмкүндүгүн белгиледи.

«Мен шайлоо 4-октябрда өтөт деп эсептейм. Бийлик үчүн аны тез жана жакынкы убактарда өткөрүү маанилүү, анткени экономикалык абал начарлап жатат. Биз инфляциянын өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бажы биримдигине кирүүнүн алдында азык-түлүктүн кымбатташы байкалууда», — деп билдирди ал.