Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рихейдж бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Рихейдждин Кыргызстан жөнүндөгү билдирүүлөрүнүн котормолорун жарыялап баштайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Мен Кыргызстанда бир гана жолу автоунаа айдадым. Ал жолтандабас болчу — бышык болоттун, айнектин жана пластиктин массасы, ал тоолуу жолдордогу баткак көлчүктөр жана аңгектерден өтүүгө жакшы ылайыкташтырылган болчу.
Күндөрдүн биринде акыры аңгекке тыгылдым да кандайдыр бир жол менен пайдаланып бүткөн газды чыгарчу түтүктү бузуп алдым, Анан ал адам чыдагыс катуу үн чыгарып баштады. Анын үнүнөн улам жолдо өтүп бара жаткан айдоочулардын бардыгы тең баштарын буруп мени карап жатышты, бул көрүнүш мени бир аз оңтойсуз абалга калтырды. Бирок кантсе да унаа жакшы болчу.
Кыргызстан кыялдагы өлкөдөй сезилет. Анда панорамалуу көрүнүштөргө ээ узун жолдор бар. Алыска көз чаптырган уйлар. Жылкылар жана койлор. Муз каптаган гүлдөр.
Качан мен Арсланбапка барганда жаңгак токойун кар каптап турган. Чатыр-Көл көзөмөл-өткөрмө пунктунун ары жагында жайгашыптыр. Ал тарапка өтүү үчүн атайын уруксат талап кылынып, ал жакта чектелген гана убакыт жүрүүгө уруксат берилет экен. Бирок ал жакка өтсө алсаң жөнөкөй гана тосмонун аркы тарабындагы Кытайды көрүүгө болот.
Ош өлкөнүн ичиндеги өзүнчө өлкө сыяктанды. Таш-Рабат ушунчалык байыркы болгондуктан, ал арбактар байырлаган үйгө окшошту. А Чатыр-Көл бардык көлдөрдүн эң коозу болуп чыкты.
Менин автоунаам аңгекке тыгылып калган жер дал Соң-Көлдүн өзү болуп чыкты. Мен түн ичинде бара жаткам, а чуңкур так жолдун ортосунда экен. Мени аны байкаганымда кеч болуп калган.
Түн сууктугу жана жылдыздары менен эсимде калды.
Эртеси балыкчылардын тобуна жолуктум. Алар унаамды аңгектен чыгарууга гана жардам бербестен, мени түштөнүүгө да чакырышты. Алар мурда Москвада «көк жакалуулар» (жумушчу класс, редакциянын түшүндүрмөсү) болгондуктарын, бирок бул жакта жашоо кыйла жакшы экенин айтышты. Жыйынтыгында алар кайра кайтып келишкен. Кармаган балыктарын сатуу үчүн алар жумасына бир жолудан шаарга түшүшөт.
Калган убактарда алар эртең мененкисин кайык менен көлдө сүзүп жүрүшөт, а андан соң алардын кылаарга иши жок болот окшойт. Кайыктын калагынан улам алардын колдору күчтүү болуп калган. Алар муздаткыч үчүн электр генераторун алууга мүмкүн болгудай жетиштүү акча табышат. Мен алардын боз үйүнүн алдынан арактын бир нече бош бөтөлкөсүн көрдүм.
Мени алардын жашоосу стресстен арылганбы деген суроо кызыктырды.
«Ооба», — деп жооп беришти алар. Бир гана сөз: ооба.
Түштөнүүдө алар мени куурулган балык, пияз, нан жана икра менен сыйлашты. Икра сыяктуу эле балык да көлдөн жаңы кармалган. Кармаган балыктарынын бир бөлүгүн алар жешет, а калганын сатышат. Икранын жарымын жапайы жаратылышты сактап калуу долбооруна беришет. Буга чейин кимдир бирөө көлдө ири көлөмдөгү жырткыч балыкты өстүрүп баштаган, азыр көлдү байыртан байырлаган балыктын калган түрлөрүнө кыйын болууда, аларга жардам керек.
«Сиздин оюңузча бул икранын баасы канча болот?», — деп сурады менден балыкчылардын бири тамак үстүндө.
Мен өз кашыгымдагы саргылт түстөгү икраны карадым. Мен анын баасы канча экенин таптакыр билчү эмесмин.
«Шаарда биз анын 100 граммын 50 доллардан сатабыз».
Ого, дедим мен, кашыгымдагы икранын канча грамм болору тууралуу ойлонуп.
Ал мыйыгынан жылмайды, анын ал жылмайышы көптөн бери сактап жүргөн сыры менен бөлүшкөнү жаткандыгын көрсөтүп турду: «Билесизби» — деди ал, — «Бул жакта мен күнүнө 200 граммдан жейм!»
Мен ага анын бай адам экенин айттым.
«Баймын», — деди ал дагы бир кашык икра сузуп алып жатып, «Ооба, баймын».
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Которгон: Малика Баяз