Ички иштер министрлигинин алдындагы Онунчу башкы башкармалык Kloop.kgнин редакциясынан белгисиз адамдар тарабынан жылаңачталган кыздын «суракка алынышы» тартылган видеону сайттан өчүрүүсүн өтүндү. Редакция ал өтүнүчтү аткаруудан баш тартууда жана эмне үчүн экенин түшүндүрүп берет.

ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын өтүнүчү жазылган кат Kloop.kgнин редакциясынын электрондук дарегине 16-июлда жөнөтүлгөн.

Анда начальниктин милдетин аткаруучу, полковник А. Салимов Kloop Media коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендерден белгисиз адамдар тарабынан жылаңачталган кыздын «суракка алынышы» тартылган видеону сайттан өчүрүүсүн өтүнгөн.

Катта өтүнүч «тасма порнографиялык мүнөзгө ээ жана улуттар аралык кастыкты козутат» деп түшүндүрүлгөн.

Каттын көчүрмөсү (көлөмүн чоң кылып ачуу үчүн сүрөттү басыңыз):
Безымянный 478789

Kloop Media коомдун фондунун редакциясы жана жетекчилиги өтүнүчкө жооп катары ИИМдин Онунчу башкы башкармалыгынын начальнигинин дарегине ачык кат даярдады.

Каттын толук тексти:

Урматтуу Салимов мырза,

Сиздердин катыңыздар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аткарган иштериңиздер үчүн рахмат.

Биздин Kloop.kg порталыбызда чынында эле «Патриоттор» кызды чет өлкөлүктөр менен байланышта болгон деп айыпташууда» деген темада видео жайгаштырылган.

Биз журналисттин башкы милдети калкка маалымат жеткирүү деп эсептегендиктен, жогоруда айтылган видеону жайгаштырдык. Ал видеотасма коомдук кызыкчылыкты көздөйт, анткени анда адамдын базалык укуктары өтө бузулган учур көрсөтүлгөн жана биз окурмандарыбызга анын кандай болгондугун так жеткирүүнү өз милдетибиз деп эсептейбиз.

Биз ал кадрлар кандай гана үрөй учуруучу болбосун, жарандар кылмыштын масштабын билиши үчүн алар жасалган кылмышты көрүүгө укуктуу деп эсептейбиз.

Биз аталган видео тууралуу унчукпай, аны жарыялоодон баш тартуу кылмыштуу аракеттерге көмөктөшүү болуп, келечекте аны жасаган адамдардын качандыр бир кезде видео жарыяланып калышы мүмкүн деген коркуу сезими жок мындай аракеттерин улантуусуна мүмкүндүк бермек деп эсептейбиз.

Адамдын жеке жашоосунун кол тийбестигине болгон укугун бузбоо үчүн тасманын монтаждалган версиясынын авторлору (Super.kg басылмасындагы кесиптештерибиз) төмөнкү нерселерди кылышкан:

  • Аны таануу мүмкүн болбошу үчүн зомбулукка туш болгон кыздын бетин жашырышкан;
  • Кыздын жеке жашоосунун кол тийбестигине болгон укугун коргоо үчүн анын уяттуу жерлерин чоң кара төрт бурчтуктар менен жабышкан.

Ошентип, биз «ал тасма порнографиялык мүнөзгө ээ» деген сиздердин аргументиңиздер менен макул эмеспиз — ал видеодо аны жогорудагыдай классификациялоого мүмкүн болгудай кыздын уяттуу жерлери көрүнбөй эле.

Ошондой эле биз жогоруда айтылган видеотасма «улуттар аралык кастыкты козутат» деген аргументтериңиздер менен да макул эмеспиз. Ал видеотасмада улуттар аралык кастыкты козутуу ыктымалдыгы фактысы көрсөтүлгөн, бирок бул ал тасманын жарыяланышынын өзү улуттар аралык кастыкты козутууда дегенди билдирбейт.

Бул логикага таянуу менен мисалы, жасалган теракттар тууралуу (анткени анда аны «теракт жасоого чакыруу» тасмасы деп атаса мүмкүн болмок) же мамлекеттик органдардагы коррупция тууралуу (анткени анда ал тасманы «коррупцияны пропагандалап жатат» деп айтууга мүмкүн болмок) видеотасмаларды жарыялоого мүмкүн эмес болмок.

Акыры сиздердин ардактуу мекемеңиздерден келген кат биздин веб-сайттагы каалаган нерсени өчүрүүбүзгө жетиштүү деп эсептебейбиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянуу менен биз сайтка жайгаштырылгандарды соттун тиешелүү чечиминин негизинде гана өчүрөбүз.

Ошондой эле биз веб-сайтыбыздагыны өчүрүү боюнча соттун кандай гана чечими болбосун өз укубузду сактайбыз.

Ошентип, биз сиздин 2015-жылдын 16-июлунда жөнөткөн катыңыздагы өтүнүчүңүзгө баш тартуу менен жооп берүүгө мажбурбуз.

Урматтоо менен,

Бектур Искендер, Kloop Media коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири
Эльдияр Арыкбаев, Kloop.kg интернет-порталынын башкы редактору