17-июль күнү эртең менен Бишкектеги Эски аянтта Айт намазы окулду — ыйык Рамазан айынын аякташына арналган майрамдык намазга Кыргызстандын 10 миңден ашык мусулманы келди.

Иш-чаранын расмий башталышы 6:15ке пландалган — ал мезгилге карата Эски аянтка кыйла эле көп сандагы адамдар топтолуп калган.

Аянтка кире бериш жерлерде милиция келгендердин кээ бирлерин текшерип жатты, курал-жарак жана кооптуу заттардын бар-жоктугун текшерүү үчүн сумкаларды карашты.

Дин кызматчылары сүйлөп бүткөн соң сөздү парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков алды — ал чогулгандарга президент Алмазбек Атамбаевдин жана жалпы парламенттин куттуктоосун окуп берди.



Намаз башталганга жакын күн кыйла бийик көтөрүлүп калды — Бишкекте абанын температурасы болжол менен 30 градуска чейин жетти.


Намазга келгендердин бири эс-учун жоготту, милиционерлер менен дарыгерлер жардам көрсөтүү үчүн аны аянттан алып кетишти.

Салттуу түрдө намаздын башында Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев турду. Намаз аяктагандан кийин чогулгандар бири-бирин майрам менен куттукташты.

Келгендердин көбү намаз аяктагандан көп өтпөй эле аянттан кетишкени менен кээ бирлери ошол жерде эле эс алууга киришишти.


Сүрөт жана текст: Дмитрий Мотинов