Азырынча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында жана Лебединовка айылында өткөрүлгөн «антитеррористтик» операциялардын чоо-жайын ачыкка чыгарбай эле. Операция 16-июлда, майрамдык Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлүп, анын жүрүшүндө алты «согушкер» жок кылынган болчу.
«Эл аралык террористтик уюмдун согушкерлерине» каршы атайын операциялар 16-июлда Бишкекте жана Чүй облусунун Лебединовка айылында өткөрүлгөн.
Операциялардын жүрүшүндө алты «согушкер» жок кылынган — төртөөсү Бишкекте, экөөсү Лебединовкада — жана төрт атайын даярдыктагы аскер кызматкери жаракат алышкан.
Тема боюнча: УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү Бишкекте «антитеррористтик» операция өткөрдү
Азырынча «согушкерлердин» кайсыл «эл аралык террористтик уюмга» тиешелүү болгондуктары жана алардын Кыргызстанда кандай аракеттерди жасоону пландагандыктары түшүнүксүз бойдон калууда.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде атайын операциянын чоо-жайы тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин гана белгилүү болорун айтты.
«Учурда [«согушкерлердин» кайсыл уюмга тиешеси бар экендиги] такталууда, биз тактагандан кийин кийинчерээк билдиребиз. Качан тергөө иш-чаралары аяктаганда биз сөзсүз түрдө дагы кошумча маалымат беребиз, анын аякташын өзүбүз да күтүп жатабыз», — деп билдирди ал.
Сулайманов «согушкерлер» тобу Бишкекте терракт пландагандыктарын кошумчалады, бирок аны качан жана кайсыл жерде ишке ашыруу пландалгандыгын тактап айткан жок.
Операциянын өзү бүгүн, 17-июлда эртең менен эч кандай жаңжалсыз өткөн масштабдуу Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлгөн.
УКМКнын өкүлү «согушкерлердин» Кыргызстанда тыюу салынган «Ислам мамлекети» уюмуна тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан да ырастаган да жок. Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда жок кылынган «согушкерлер» аталган уюмдун мүчөлөрү болушкан деген маалыматтар пайда болгон.
Сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык»