Electronic Music Meet циклиндеги бешинчи кече 18-июлдан 19-июлга караган түнү Бишкектин четиндеги эски «Панорама» кафесинин имаратында өттү. Таң атканча бишкектик беш «бейтариз» диджей электрондук музыка сүйүүчүлөрү үчүн тректерди коюшту.

Алгачкы EMM 2014-жылдын декабрында уюштурулуп, кыштын кийинки ар бир айында бир жолудан өткөрүлгөн. Андан соң уюштуруучулар жазында тыныгуу алышып, кече ушул жылдын жайында экинчи жолу өткөрүлүүдө.

021

03

041

«Мурда DJ Graff тарабынан уюштурулган Prohibited Music деген кечелердин сериясы өтүп келген, анда биз клубдарда коюлбаган музыкаларды ойночубуз — аларды тыюу салынган музыкалар болгон деп айтсак да болот, — деди EMMдин уюштуруучуларынын бири Закир Юмакаев (DJ Zack). — Качан мени ага биринчи жолу чакырышканда ал менин ачылуума жардам берди — ага чейин мен үйдө ойногон музыкам коомго туура келбейт деп ойлоп келгем. А ал жактан аны адамдар түшүнүү менен кабыл алышты, анан мен анын укмуш сонун экенин түшүнүп, ошондон бери ал кеченин резиденти болуп келгем. Анан ал жабылгандан кийин биз андан кыйла айырмаланган өзүбүздүкүн ачуу чечимине келдик — биз драм-н-басс, транс сыяктуу башка мейнстримдерди ойнобойбуз, биз үчүн ал неформат. EMM мына ушинтип пайда болгон. Биринчи кечебизде болгону 70-80 эле киши болгон, а төртүнчүсүндө алардын саны эки жүзгө чейин жеткен».

07

06

05

EMMдин резиденттери chilwave, tribal, retro new wave, new wave synthpop, indie dance, deep house, raw house, old school house, IDM жана башка стилдерде ойношот.

08

09

10

111

Кече экинчи жолу катары менен шаар четиндеги көпчүлүккө белгилүү болгон эски «Панорама» кафесинде өткөрүлүүдө.

12

13

14

15

— Биз кышында өткөрүп жатып жакында жаз, жай келет, анан күндүн батышы сыяктуу нерселердин көрүнүшү үчүн EMMди кайсыл бир өнөр-жай ишканасынын чатырында өткөрөбүз деп кыялданганбыз, — дейт DJ Zack. — Анан Тоби (EMMди уюштуруучулардын бири Тобиас Герхард — автордун түшүндүрмөсү.) кокустан бул жерди таап калды: шаардын сыртында, абасы таза, күндүн батышы, шаар көрүнөт. Албетте бул жак алыс, ошондуктан адамдарга келүү жеңил болсун деп шаардан бекер трансфер уюштуруп кара терге түштүк.

16

17

18

19

Кечки саат 20:00дөн эртең мененки 6га чейин чогулгандардын алдына DJ Zackтан сырткары Damir Mambetaliev, PizOne, Dima Alien жана broxxz чыгышты.