Кристоф Рехаге — немис саякатчысы, жазуучу жана режиссер. Ал өзүнүн Кытайга жасаган саякатынан улам белгилүүлүккө жеткен — Рехаге бир жыл ичинде Пекинден Үрүмчүгө чейин 4500 чакырым аралыкты жөө басып өткөн. «Тайм» журналынын версиясы боюнча, анын ал саякаттын жүрүшүндө тартылган The Longest Way («Узак жол») тасмасы 2009-жылдын эң мыкты вирустук он видеосунун катарына кирген.
2014-жылдын күзүндө Рехаге Кыргызстанда болуп, өлкөнүн түрдүү шаарлары тууралуу укмуштуудай видеолордун сериясын тарткан. Анын тасмаларынын бардыгы тең өзү болгон жерлер, андагы адамдар тууралуу жолдогу кыска жазуулары менен коштолгон.
Kloop.kg Регахенин Кыргызстан тууралуу жазган баяндарынын котормосун жарыялайт.
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, II бөлүк: Жети-Өгүз
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Кыргызстанды жөө кыдыруу, V бөлүк: Каракол — Ысык-Көлдүн кара колу
Кыргызстандын жөө кыдыруу, VI бөлүк: Чолпона-Ата — күзгү
Мен союз маалында курулган санаторий тууралуу уккам. Жети-Өгүз деген санаторий Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги тоолордо жайгашкан.
Мен өгүздөрдү жакшы көрөм, ошондуктан ал жакка чейин барып-келүүнү чечтим. Жол оор болуп чыкты. Ресторандын алыскы бурчундагы кичинекей бөлмөдө түнөп, таттуу уйкуга баттым.
Эртеси мен сапарымды андан ары улап, жолдон күрөктөр салынган унааны башкарып бара жаткан баланы жолуктурдум. Ал мени санаторийге чейин жеткирип коюуга макул болду.
Мен анын унаасына отуруп, биз бензинге болгон баалар жана өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу сүйлөшө баштадык. Ага күрөк талаадагы чөптөрдүн тамырын алуу үчүн керек экен. Санаторийге жеткен соң мен ага жол кире төлөп бердим.
Жети-Өгүзгө келгенден кийин мен германиялык түгөйгө жолуктум да биз иче баштадык. Бир бөтөлкөдөн кийин бизге бир кыргыз жигити кошулду, ал чынында эле ичкиликти жакшы көтөрөт экен, алардан кыйла көп ичип, бирок анчалык мас болгон жок.
Мен иттер менен ойноп башаганга чейин бардыгы сонун болуп жаткан. Анан эле алар менин шляпамды алып кетип калышты.
Мен шляпамды эртеси кир, тамтыгы чыккан абалда таптым. Кимдир бирөө аны кашаага илип коюптур, ошондуктан иттер аны жайына коюшкандыр да. Мен аны жууп, кайра кийип алдым.
Менде болгону бир гана шляпа бар болчу да.
Жети-Өгүз мен күткөндөн да өтө кооз болуп чыкты. Анда бир кичине кыштак жана дарыя бар экен. «Жети Өгүз» кызыл түстөгү дөбөлөрдүн тобу болуп чыкты, эгер кааласаң алар чынында эле өгүздөргө окшоп кетет.
Санаторий аймакта кыйраган империянын далили катары кенен жана бош үлгүрөп тургансыйт. Качан мен анын коридорлору аркылуу өтүп, өзүмдүн үнүмдүн жаңырыктарын укканымда мен бул жердин жарым кылып мурун кандай көрүнүштө болгон болушу мүмкүндүгүн элестете баштадым.
Түн сутканын эң жакшы убактарынын бири болду. Күн сайын кечки саат 10дон кийин, качан койлор менен жылкылар жайыттан кайтып келип, жарыктар биринин артынан экинчиси өчө баштаганда асманда Саманчынын жолун көрүүгө мүмкүн болчу. Ал адамдын түшүнүгүнүн чегинен чыккыдай ушунчалык чоң көрүнөт.
Ал дээрлик реалдуу эмес нерсе өңдүү туюлат.
Уландысы бар...
Рехагенин баянынын башка бөлүктөрү:
Кыргызстанды жөө кыдыруу, I бөлүк: Тоо көлдөрү
Кыргызстанды жөө кыдыруу, III бөлүк: Жылкылар жана учактар
Кыргызстанды жөө кыдыруу, IV бөлүк: Кажы-Сай — унутулган кыштак
Которгон: Малика Баяз