Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мекеменин атайын даярдыктагы бөлүгү менен атайын кызматтагылар «Ислам мамлекетинин согушкерлери» деп атап жаткандардын ортосундагы атышуунун кадрларын жарыялады. Бишкекте өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө төрт «согушкер» жок кылынган.

Көңүл буруңуздар! Видеодо үрөй учурчу кадрлар бар. Эгер ал сиздерге зыян алып келет деп эсептесеңиздер, анда аны көрүүдөн карманууңуздарды сунуштайбыз.

«Согушкерлерге» каршы атайын операция 16-июлда Бишкекте жана шаардын четинде өткөрүлгөн. Алардын жүрүшүндө сегиз куралдуу адам жок кылынган — төртөөсү Бишкекте жана дагы төртөө шаар четинен. Ыкчам топтун кызматкерлери тараптан төрт аскер жаракат алган.

Атайын кызматтагылар атышуунун катышуучуларын «Ислам мамлекетинин «согушкерлери» деп атап жатышат. Аталган уюм Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

УКМКнын маалыматы боюнча, «согушкерлер» эки жардыруу уюштурууну пландашкан: бирөөсүн — Канттагы орус авиабазасында, экинчисин — майрамдык Айт намаз окулган аянтта.

Бишкектеги операция эки жарым саатка созулуп, анын жүрүшүндө тутанган өрттөн улам беш жеке турак-үй өрттөнүп кеткен. Атайын операциялар 17-июль күнү эртең менен эч кандай жаңжалсыз тынч өткөн масштабдуу Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлгөн.

Атайын кызматтагылардын акыркы маалыматтары боюнча, «согушкерлерди» каржылоого «Ак-Жол» партиясынан парламенттин мурдагы депутатынын тиешеси бар болгон жана ал учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.