«ЭкоИсламикБанктын» Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнүн бирин тоноого аракет кылган белгисиз адам банктын күзөт кызматкерин атып жиберген — азырынча ал милиция тарабынан кармала элек.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 20-июль күнү эртең менен белгисиз адам «ЭкоИсламикБанктын» Мухтар Ауэзов көчөсүндө жайгашкан өкүлчүлүгүнө кирип барган. Ал кассага жетүүгө аракет кылган, бирок банктын күзөт кызматкери Сергей Печенкин аны токтотуп, «бул үчүн» кылмышкер аны атып жиберген.

Печенкин тоноочуну токтотууга аракет кылган маалда банктын кызматкерлери кассага чуркап кирип, эшикти ичинен бекитип алууга үлгүрүшкөн. Өз кезегинде бул кеңсеге кол салган адамдын акча каражатына ээлик кылуусуна мүмкүндүк берген эмес.

«Ал [кылмышкер] кассанын брондолгон эшигин ачууга аракет кылган, бирок андан эч кандай майнап чыкпастыгын түшүнгөн соң дароо качып кеткен», — деди ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgнин кабарчысына.

Окуя болгон жерге милиция менен тез жардам кызматы барган, бирок күзөт кызматкери ооруканага жетпей көз жумган. Басма сөз кызматтын билдирүүсү боюнча, кылмышкер бул ишке жалгыз барган.

«Азыркы учурда кол салган адамдын ким экендигин аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө», — деди Осмонбаев.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «адам өлтүрүү» жана «каракчылык» беренелеринни негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда кылмышкерди издөө иштери уланууда.