Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы футболдук беттешти уюштуруудагы кемчиликтери үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясына каршы үч дисциплинардык иш козгоду. Беттеш 16-июнда 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн алкагында Бишкекте өткөн болчу.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадыралиев Kloop.kgге курган маегинде Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 16-июндагы Кыргызстан-Австралия беттешинин жыйынтыгы боюнча үч дисциплинардык иш козгогонун билдирди.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы («Спартак») стадиондо болуп, Кыргызстандын 1:2 минималдык эсебинде жеңилиши менен аяктаган. Оюндун уюштурулушу күйөрмандардын арасында көптөгөн сын-пикирлерди жараткан, анткени алардын бир бөлүгү билет алганы менен беттешке кире албай калышкан.

«ФИФА Кыргызстандын Футбол федерациясына күйөрмандардын файер колдонуусу, фанаттын оюн талаасына чуркап чыгышы жана стадиондун сыйымдуулугунан көп адамдын трибунада болушу беренелери боюнча чараларды колдонот», — деп билдирди Кадыралиев.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президентинин айтымында, ФИФАнын чиновниктери Кыргызстанды акчалай айып салып же өлкөдөгү стадиондордо беттештерди өткөрүү укугунан ажыратуу менен жазалашы мүмкүн — ал жазанын экинчи чарасы убактылуу болорун кошумчалады.

Кадыралиев Кыргызстанга карата жазанын качан колдонуларын билбестигин айтты.

«ФИФА буга эмнеге мынча катаал мамиле кылып жатат деп сурашыңар мүмкүн. Анткени футболдун тарыхында трибуналар кулап түшүп, жүздөгөн адамдар каза болгон трагедиялуу учурлар көп болгон. Бул маселе боюнча регламент бар: катарлар менен секторлордун ортосунда коопсуздук кызматкерлери ээлеп турушу керек болгон бош аралыктар болушу керек болчу. Бирок беттеш учурунда эч кандай бош аралыктар болгон эмес», — деп жазган 24.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президентинин айткандарын.

Азырынча ФИФАнын ЖМКлар менен иштөө департаменти Кыргызстанга карата санкцияларды колдонуу жөнүндөгү маалымат боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Оюндун уюштурулушу

Күйөрмандардын көпчүлүгү стадиондун кире беришинде пайда болгон тыгылыштан улам Кыргызстан менен Австралия улуттук курамаларынын ортосундагы беттешке кире албай калышкан.

Кээ бир фанаттар оюндагы коопсуздук менен тартипти сактап жаткан милиция кызматкерлери стадионго билети жокторду өткөрүп, беттеш башталганга бир саат калганда анын дарбазасын жаап салгандыктарын билдиришкен.

Kloop.kgнин кабарчылары стадиондун дарбазалары жабылгандан кийин бир катар күйөрмандардын оюнду көрүү үчүн тосмодон ашып өтүп жаткандыктарын видеого тартып алышкан.

Оюнга улуттук курамасы менен бирге келген австралиялык фанаттардын кээ бирлери дагы оюндун начар уюштуруганынан улам пайда болгон кысылыштан стадионго кире албай калышкан.

Оюндун уюштурулушу сынга алынгандан кийин премьер-министр Темир Сариев Дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Кадырбек Эргешевду кызматынан кетирген.

Өкмөт «Манас» аба майданы тарапка спорттук комплекси бар заманбап стадион куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Анын курулушуна 100 млн. АКШ доллары керектелет деп болжолдонууда. Бирок бийлик азырынча ага бюджетте акча жок экендигине ишендирүүдө.

Автор: Айзада Нурланова
Башкы сүрөт: Күйөрмандар «Спартак» стадионунун тосмосунан ашып өтүп жатышат.