Саперлор «Бишкек парктын» жанындагы аялдамага калтырылган «шектүү чемоданды» текшергенден кийин соода борборунун айланасындагы курчоо алынды.

УКМКнын саперлору аялдамадагы «шектүү чемоданды» текшергенден кийин милиция Киев көчөсүнүн «Бишкек парк» соода борборунун алдындагы бөлүгүн автоунаалар үчүн ачып, анын айланасындагы курчоону алды.

Курчоодо турган милиционерлердин айтымдарында, чакыруу жалган болуп чыкты.

11783866_423499037856138_150197185_o1

Соода борбордун кардарлары менен жумушчуларын эвакуациялоо иштеринин өзү кечки саат 9:50дө башталган.

11784020_423499714522737_1877098545_o

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан соода борбору аялдамадагы «шектүү чемодандан» улам курчоого алынгандыгын билдиришти.

«Аялдаманын борборундагы тунук нерсени көрүп жатасыңарбы? Ошонун артында шектүү чемодан турат. Жалпы коопсуздук үчүн УКМКнын саперлорун чакырдык, алар карап чыгышат. Эгер бардыгы нормалдуу болго… жакшы. А эгер бир нерсе калтырып кетишкен болсо албетте, өкүнүчтүү», — деп билдиришкен Бишкек ШИИБчинин басма сөз кызматынан саперлор иши баштаар алдында.

Сүрөттөр: Виталий Белошапкин
Видео: Владимир Цай