Атайын операциянын жүрүшүндө өлтүрүлгөн «Ислам мамлекетинин» «согушкерлеринин» туугандары Кыргызстандын бийлигинен алардын сөөктөрүн берүүсүн өтүнүштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, Бишкекте жана шаардын четиндеги эки жерде өткөрүлгөн операция маалында атайын кызмат тарабынан сегиз «согушкер» жок кылынган.
Өлтүрүлгөн «согушкерлердин» биринин атасы Аманкул Итибаев уулунун террористтик уюмдарга тиешеси бардыгын четке кагып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясынын себептеринен күмөн санап жатканын билдирди.
«Ал намаз окучу. Мен дагы намаз окуйм, 17-июлда эски аянттагы Айт намазда болгом. Ал өз атасын жардырып жибербейт эле да», — деп эсептейт Итибаев.
Каза болгон «согушкерлердин» маалымат жыйынына чогулган ата-энелери алардын жалгыз талабы — балдарынын сөөгүн берүү экенин айтышты. Итибаев 20-июлда сөөктөр коюлган өлүкканада болгондугун жана алар «сасып баштаганынын» айтты.
«[УКМКдан] бизге сөөктөрүн берүү өтүнүчү менен өкмөт менен президентке кайрылуубуз керектигин айтышты. А өкмөттөн болсо кайсыл бир комиссия ишин аяктаганга чейин сөөктөрдүн берилбестигин билдиришти», — деди Итибаев.
Анын айтымында, каза болгондордун бардыгы тең Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулушкан.
«Согушкерлерге» каршы операция
«Согушкерлерге» каршы атайын операция 16-июлда Бишкекте жана шаардын четинде өткөрүлгөн.Алардын жүрүшүндө сегиз куралдуу адам жок кылынган — төртөөсү Бишкекте жана дагы төртөө шаар четинен. Ыкчам топтун кызматкерлери тараптан төрт аскер жаракат алган.
Атайын кызматтагылар атышуунун катышуучуларын «Ислам мамлекетинин «согушкерлери» деп атап жатышат. Аталган уюм Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
УКМКнын маалыматы боюнча, «согушкерлер» эки жардыруу уюштурууну пландашкан: бирөөсүн — Канттагы орус авиабазасында, экинчисин — майрамдык Айт намаз окулган аянтта.
Бишкектеги операция эки жарым саатка созулуп, анын жүрүшүндө тутанган өрттөн улам беш жеке турак-үй өрттөнүп кеткен. Атайын операциялар 17-июль күнү эртең менен эч кандай жаңжалсыз тынч өткөн масштабдуу Айт намазынан бир күн мурун өткөрүлгөн.
Атайын кызматтагылардын акыркы маалыматтары боюнча, «согушкерлерди» каржылоого «Ак-Жол» партиясынан парламенттин мурдагы депутатынын тиешеси бар болгон жана ал учурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган.