Кыргызстан өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочунун АКШнын Мамдепартаменти тарабынан сыйланышына жооп катары америкалык бийлик менен кызматташуу тууралуу базалык келишимден чыккандыгын билдирди. Буга кырнеттин колдонуучулары ар түрдүү реакцияларын билдиришүүдө.
Келишим 21-июль күнү кечинде бузулду, бирок ал расмий түрдө ушул жылдын 20-августунда күчүнө кирет. Денонсация кылуу тууралуу токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койду.
1993-жылы кол коюлган Кызматташуу тууралуу базалык келишиминде АКШ тараптан Кыргызстандын бийлигине жардам көрсөтүүлөрдү жеңилдетүү каралган. Ага төмөндөгүлөр киргизилген:
- Кыргызстанга жардам берүү программасы боюнча жеткирилген же пайдаланылып жаткан товарлар менен жеткирүүлөрдөн тарифтерди, бажы төлөмдөрүн алып салуу;
- Кыргызстанга жардам көрсөтүү программасынын алкагында иштеп жаткан АКШнын өкмөттүк жана жеке уюмдары менен персоналдарынын салыктар менен жыйымдардан бошотулушу;
- Жардам көрсөтүү программаларынын алкагында өлкөдө жүргөн АКШнын өкмөтүнүн жарандык жана аскердик персоналдарына административдик жана техникалык персоналдарга берилчү макамдар менен тең макам берилет.
АКШ менен келишимдин денонсацияланышы тууралуу жаңылык социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын арасында түрдүү пикирлерди жаратты.
Мамлекеттик органдаргы жардам азаят
Парламент депутаты Дастан Бекешев «Твиттердеги» баракчасына келишимдин денонсацияланышынан улам мамлекеттик органдар донордук колдоолордон кур каларын жазды. «Ал эмес бизге интернет-сайттарды да гранттардын эсебинен жасап беришкен», — деп жазган ал.
Парламентарий кыргыз өкмөтүнүн реакциясы «чектен чыккандык, кереги жок жана жаңылыштуу» деп атады. Анын пикиринде, келишимди бузуудан улам АКШ Кыргызстанда колдоп келген билим берүү долбоорлору жабылат.
«Мен үчүн өкүнүчтүү, анткени билим берүү долбоорлору жабылып калат. Демократия тармагындагы долбоорлор болсо — болгону бейөкмөт уюмдар иштеп таба турган акчалар. Грант берүүчүлөр кыйла азаят: бейөкмөт уюмдар тармагын каатчылык күтөт. Чет элдик тыңчы жөнүндөгү мыйзамдын деле кереги жок болуп калат. Эксперттерде да каатчылык болот», — деп эсептейт ал.
Юрист жана «Прецедент» фирмасынын башчысы Нурбек Токтакунов «Фэйсбуктагы» өздүк баракчасы аркылуу келишимди бузуунун канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгондугу, ал чечим бардык жол-жоболордун сакталышы менен жана калктын колдоосунда кабыл алындыбы-жокпу деген суроо салган.
«Бул келишимдин республикалык мааниде болгондугун эч ким танбай эле да, демек коомдук талкуу болушу керек болчу. Курч премьер бул фактыны таптакыр эсине алган жок. Кыргыз байларында коомдук пикирге карата кандайдыр бир жек көрүү бар», — деп жазган юрист.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурдагы басма сөз катчысы, журналист Александр Никсдорф америкалыктар келишим бузулгандан кийин деле буга чейин кылып жаткан нерселерен кыла беришсе болорун жазды.
«Келишимди окуп чыккыла! Америкалыктар буга чейин кылып жаткан нерселерин кылуусун уланта берет, бирок алардын программасынын кызматкерлери салык төлөп башташат, ошондой алардын программасы үчүн бул жакка алынып келинип жаткан нерселерине өлкөгө киргезгени үчүн төлөм төлөш керек болуп калат. А калганы мурункудай эле болот», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.
«Башка жол жок болчу»
Саясат таануучу Марс Сариев президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдире электигине карабастан денонсациялоо тууралуу чечим өлкө башчысынын деңгээлинде кабыл алынган деп эсептейт. Анын пикиринде, президентте «ушул жылдын күзүндө төңкөрүш жасоого даярдык тууралуу төгүндөлбөс далилдер» болгон.
«Атамбаевда башка жол жок болчу. Дипломатиялык жактан алып караганда мындай чукул демарш жөнөкөй нерсе эмес. Болгондо да мындай державага карата… Ошондуктан дагы кайталайм, Атамбаевде ушул жылдын кузүндө төңкөрүш жасоого даярдыктар тууралуу төгүндөлбөс далилдер болгон», — деп жазды Сариев.
Ал мындай реакция — 20 жылдан бери Кыргызстан сырткы саясатта бир багытты карманып, өнөктөшү катары Орусия менен Кытайды тандап алган алгачкы учур.
Мурда Кыргызстанда орусиялык аскердик базадан сырткары америкалык транзиттик жүк ташуу борбору бар болчу, ал аркылуу НАТОнун аскерлери Ооганстанга жөнөтүлүп турган. Кыргызстандын бийлиги келишим мөөнөтүн узартуудан баш тарткан соң 2014-жылдын июнунда транзиттик борбор жабылган.
«Кыйын болот. Вашингтон мындай нерсе үчүн кыңк этпей отура бербейт болуш керек. Атамбаев катаал тазалоолор башталарын билдирген. Буга чейинки маектеримде мен Борбордук Азияда режимдерди (Казакстан менен Өзбекстандагы шайлоолор) концервация кылуу процесси жүрүп жатканын айткам. Москва Бишкектеги талапкер боюнча да бир чечимге келген окшойт», — деп жазган Сариев.
«Дизель» интернет-форумунун godzila деп катталган колдонуучусу америкалык бийлик менен кандайда болбосун дипломатиялык мамилелерге каршы экенин жазды.
«Акыры ушундай болду, мен негизинен алар менен дипломатиялык мамилелердин да болбошун колдойм. Алардын тасмаларын карап көрсөңөр, анда аскердик операциялардын бардыгы тең элчиликтеринин имаратынын жардамы менен өткөрүлөт. Тактап айтканда, өз элчилигинин айланасында толук масштабдагы согуштук аракеттерди жүргүзүшөт», — деп жазды ал.
«Жаш баланын иши» жана «популизм»
Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов «Фэйсбуктагы» баракчасына акыркыга чейин Кыргызстандын АКШ менен кызматташуу тууралуу келиишмди бузбай тургандыгын ишенгенин жазды.
«Кандай гана жаш баланын иши. Андан да жаман, бул кылыкты авиалайнердин штурвалынын сыртындагы террористтин кылыгы менен салыштырууга болот. Кеч боло электе кабинадан сууруп чыгуу керек. Биздин кызматташуубуздун бардыгы тең жардам алууда жана чачып жок кылууда. Кызматташ тарап катары биз АКШ үчүн анчалык деле кызык эмеспиз. Кандай гана жакшылыкты билбегендик», — деп жазган мурдагы башкы прокурор.
«Дизелдин» Electronick деген колдонуучусу Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамдепартаментинин сыйлыгы менен сыйланышы — бул кызматташууну үзүү үчүн болгону шылтоо болду деп эсептейт.
«Шылтоо, себеп керек болгондой көрүнөт, Москва болсо уруксат берди же АКШдан башка тарапка бурулууга мажбурлады. Канчалаган адам билим алуу, дарылануу, өнүгүү мүмкүнчүлүгү жок калат? Бул тууралуу эч ким ойлогон жок. Орусиядагы Дима Яковлевдин мыйзамына окшош. Таза популизм жана «идеялык» душманына кандай болсо да жамандык кылуу аракети», — деп жазды ал.
АКШ элчилигинин реакциясы
Буга чейин АКШнын элчилиги келишимди денонсациялоо Кыргызстанды колдоо программаларынын бир нечесинин жабылуусуна алып келиши мүмкүндүгүн билдирген. Анткени документ Кошмо штаттарынын көрсөткөн жардамдарынын «көп бөлүгүн» берүү үчүн негиз болгон.
«Биз мындай чечимдин кыргызстандыктарга пайда алып келип жаткан жардам берүү программаларын тобокелге кептөөчү техникалык кесепеттерин иликтеп жатабыз», ― деп жазылган АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.
Дипөкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, анын ичинде Кыргызстан экстремизмге каршы күрөшүү, экономикалык өнүгүүнү колдоо жана жумушчу орундарын түзүү, билим берүү системасын жакшыртуу, ошондой эле өлкөдө демократияны өнүктүрүү боюнча программалардын колдоосу жок калат.
Элчиликтен мунун Американын Кыргызстанды колдоо программаларынын бардыгына тиешелүү болор-болбосун тактап билдиришкен жок.
Аскаровдун сыйланышы
Өкмөт келишимди денонсация кылуу ниети тууралуу 17-июлда, АКШнын Мамдепартаменти Аскаровдун сыйлангандыгын жарыялагандан үч күн өткөн соң билдирген. Министрлер кабинетинин билдирүүсү боюнча, департаменттин ал чечими алардын «терең тынчсыздануусун» жана «өтө таң калуусун» жараткан.
Аскаров 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жүрүшүндө «массалык башаламандыктарды уюштурган», «улуттар аралык кастыкты козуткан» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышкан» деген айыптар менен 2010-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.
«Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгын ыйгаруу чечими Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелердин деңгээлине туура келбейт, ал улуттар аралык ынтымакты жана Кыргыз Республикасынын элинин ынтымагын чыңдоо боюнча өкмөттүн аракеттерине зыян келтириши мүмкүн, ал жарандык коомчулук менен туруктуу коомго коркунуч жаратат», — деп билдирген өкмөт.
Жардам көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланышкан Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууда кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн гуманитардык жардам, экономикалык жана техникалык жактан көмөктөшүүнүн жеңилдетилген жол-жоболору каралган.
Документ дипломатиялык, экономикалык, соода жана гуманитардык мамилелердин негизин аныктай турган алты беренеден турат.
Буга чейин Аскаровдун «Адам укугунун коргоочусу» сыйлыгы менен сыйлангандыгын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын парламенти айыптаган. ТИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-июль күнү эртең менен мекеме башчысы Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы иштерине ишеним берилген убактылуу өкүлү Ричард Майлзге нааразычылык нотасын жөнөткөн.
Азимжан Аскаров
Азимжан Аскаров ― этникалык өзбек ― «Воздух» укук коргоо уюмун жетектеген жана 15 жыл бою Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук милициясы тарабынан жасалган кыйноо фактыларын чагылдырып келген.
2010-жылдын 15-июнунда жергиликтүү райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Бийлик аны «массалык башаламандык уюштурууга», «улуттар аралык кастыкты козутууга» жана аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду «өлтүрүүгө» айыптаган.
Анда борборазиялык укук коргоочулар Кыргызстандын ал кездеги президенти Роза Отунбаевага жолдогон кайрылууларында Аскаров кармалардан бир аз мурун башамандыктардын курмандыктары тууралуу маалыматтарды топтоп, талоончулук фактыларын документтештирип, видеого түшүрүп жүргөндүгүн жазышкан.
Аскаровдун өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ал документтер менен түшүрүлгөн видеолор укук коргоочунун үйүн тинтүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан алынган деген божомолдорун айтышкан. Анын жактоочулары тергөөнүн жүрүшүндө укук коргоочуга карата кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгы тууралуу бир нече жолу билдиришкен.
2010-жылдын аягында Аскаров Базар-Коргон райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган, а бир жылдан соң райондук соттун ал чечимин Кыргызстандын Жогорку соту күчүндө калтырган.
Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгуу жана ага карата чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылышкан.
2015-жылдын июнунун башында Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапарынын жүрүшүндө укук коргоочу «Бир дүйнө» уюму укук коргоочу 2011-жылы эле билдирген ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, аны бошотуу талабы менен өлкө жетекчилигине жаңы кайрылуу жолдогон.
Башкы сүрөттө: америкалык ковбойлор менен кыргыз жигиттеринин биргелешкен иш-чарасы. Автору: Эльёр Нематов.