Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо граффити июнь айынын аягында пайда болгон. Боом капчыгайындагы сүрөттөр тартылгандан кийин эле коомчулукта ача пикирди жараткан. Эми активисттер аны өчүрүп, ордуна башка сүрөт тартышмакчы.

Активист Мирбек Асаналиев Боом капчыгайындагы граффитиге башынан бери каршы болуп келе жаткандардын бири. Ал сүрөттү мазактоо катары кабыл алган.

“Мультфильмге окшоп оозу-мурду ачылып, кыйшайып кеткендин баарын өчүрүш керек. Ал боюнча башка сүрөтчүлөрдү издештирип, маданиятка тиешелүү улуттук сүрөт тартылат”, - деп билдирди Kloop.kgге Асаналиев.

Ал граффитинин ордуна кандай сүрөт тартылаарын тактаган жок.

Иш-чара 26-июлда өтмөкчү. Коомдук тармакта “бир, эки эскертип деле жаздык, ага көнбөдүң. Эми аргабыз калбады” деп жазат Асаналиев.

Жибек Жыргалбек кызы аттуу колдонуучу “мунун эмнеси жаман экен? Жөн турган таш турмак да. Калп эле иш бүтүп калгандан кийин ушинте бересиңер. Чыгармачылык кылса да болбойбу?”, деп жазган.

“Эсиңерде болсо, ал сүрөттүн ордуна мындан да мааниси жок, тантык сөздөр жазылып турчу! Неге ошондо өз ыктыярыңар менен жакшынакай сүрөт тарткан жоксуңар?”, - деген пикирин билдирген Назира Жолдошева.

Элиза Ыдырысова аттуу колдонуучу “ушинтип башка элге шылдың кылганча өлүп эле кетсеңерчи! [...] Башкалар барбаса мен барып өчүрөм, өз колум менен!”, деп жазган.

Тема боюнча: Боом капчыгайындагы граффити: кыргызстандыктарды эмне таарынтып, эмне кубантты?