Орусиянын Башкы прокуратурасы Glock-19 үлгүсүндөгү тапанчалардын кандай шарттарда алдамчылыкка шектелген эки адам менен Мамдуманын депутатынын колунда болуп калгандыгын тактап жатат. Документтерге ылайык, тапанчалар аларга Кыргызстандын ИИМи тарабынан учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр кезиндеги чечими менен сыйлыкка берилген.

«Коммерсант» басылмасы Орусиянын Башкы прокуратурасына шилтеме жасоо менен учурда тергөөчүлөр Glock-19 тапанчаларынын алдамчылыкка шектелип жаткан эки адам менен Мамдуманын депутаты Денис Вороненковдун колунда кантип болуп калгандыгын тактап жаткандыктарын жазды.

Шектүүлөрдүн биринин көрсөтмөсүнө ылайык, аталган куралдарды аларга 2011-жылы, учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин премьер-министр болуп тургандагы чечими менен Кыргызстандын ИИМи сыйлык катары берген.

«Алынган документтерге ылайык, тапанчалар, ошондой эле алардын ар биринин 50дөн огу өлкөнүн ИИМинин «материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүдөгү кошкон салымы үчүн» деп Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын 9-июнундагы N217-б буйругу менен берилген», — деп жазылган «Коммерсанттын» макаласында.

Денис Вороненков. Сүрөт депутаттын сайтынан алынды.
Денис Вороненков. Сүрөт депутаттын сайтынан алынды.

Тергөөчүлөрдү эмне үчүн ал тапанчалардын шектүүлөргө Кыргызстан аркылуу эмес, а Австриядан берилгендиги кызыктырган — басылманын маалыматы боюнча, кыргыз ИИМи Австриядан сыйлыкка берилчү курал катары Glock-19 үлгүсүндөгү 100 тапанча сатып алган.

«Коммерсант» жазгандай, депутат Вороненковдун өзү ал тапанча менен «кандай шартта сыйланганы эсинде жок экенин» билдирген — айтымында, ал Кыргызстандын ИИМинин «материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө» таптакыр катышкан эмес.

Алдамчылыкка шектелип жаткандардын бири, ишкер Виталий Качура өз көрсөтмөлөрүндө аны менен ФСБнын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго Кыргызстандын ИИМинен сыйлык катары берилчү курал алууну депутат Вороненков сунуштаганын айткан.

Басылманын маалыматы боюнча, тапанчалар Мурзиковдун Кыргызстандын ИИМиндеги таанышы аркылуу алынган. Качура өз көрсөтмөсүндө тапанча үчүн кыргыз милициясына эмес, а Мамдуманын депутатына 150 миң АКШ долларын бергендигин айткан.

«Өлкөнүн укук коргоо органдарын өнүктүрүү үчүн сыйлык катары берилчү курал-жарактарды ташуу эрежелери катаалдантылгандан кийин ага акча жумшоону каалагандардын саны кыйла азайгандыгы түшүнүктүү. Ошондо чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн курал-жарактарды Австриядан алып келип, аларга документтерди Кыргызстандан берүү схемасы ойлонуп табылган болушу керек, бул жергиликтүү мыйзамдарга каршы келбейт», — деп жазылган «Коммерсанттын» макаласында.

Коррупцияга каршы күрөшүп келген белгилүү орусиялык блоггер Алексей Навальный өз блогуна Кыргызстандын ИИМинен курал менен сыйлануу схемасы — «белгилүү амал» экенин жазды.

«Ал өлкөнүн ИИМи Орусиянын ИИМинен дагы тез сатылат (ооба, ушундай болушу мүмкүн), ал жакта акча үчүн сага сыйлык берүү буйруктарын жазып беришет, анан сен тапанчага мыйзамдуу түрдө ээ боло аласың. Аны алып жүрүүгө болбойт, бирок үйгө катып койсоң болот», — деп жазган ал.

Ишкер Виталий Качура менен Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурунку полковниги Андрей Мурзиков Орусияда имаратты рейдерлик жол менен басып алууга шектелип жатышат.

Азырынча Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Денис Вороненков бул иш боюнча күбө катары өтүүдө, бирок «Коммерсанттын» маалыматы боюнча, учурда тергөөчүлөр анын кол тийбестигинин алынышына жетишүүгө аракет кылып жатышат.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге көрсөтүлгөн орусиялыктардын куралдар менен сыйлангандыгы тууралуу «биринчи жолу угуп жаткандыктарын» айтышты.