21-июлда Тыттыбүбү Самидин кызы «Кыргызстан сулуусу-2015» наамына ээ болду. Ал өлкөнүн атынан «Дүйнө сулуусу-2015» сынагына катышат.

I12A9163

I12A9215

I12A9221

«Кыргызстан сулуусу-2015» сынагынын финалы 21-июлда Бишкекте өттү.

I12A9238

I12A9283

I12A9307

Сынактын уюмштуучусу, Beauty Company Kyrgyzstanдын башкы директору Рыскүл Намазбекова Kloop.kgге билдиргендей, алгач сынактын финалын Ош шаарында өткөрүү пландалган, бирок кээ бир катышуучулардын ата-энелери ага каршы болушкан.

I12A9313

I12A9342

I12A9379

«Кыргызстан сулуусу-2015» сынагынын 18 катышуучусу бир нече категория боюнча тапшырмаларды аткарышты. Алардын арасында саламдашуу, дефиле, интеллектуалдык сынак, ошондой эле улуттук, ишкердик жана кечеге кийилчү кийимдерди кийип чыгуу тапшырмалары бар.

I12A9385

I12A9390

I12A9438

Калыстар тобунун чечими менен «Кыргызстан сулуусу-2015тин» жеңүүчүсү Тыттыбүбү Самидин кызы болду. Ал «Дүйнө сулуусу-2015» сынагына Кыргызстандын атынан катышат.

I12A9473

I12A9490

I12A9502

«Мен жеңишке жетем деп күткөн эмесмин, — деди жеңүүчү. — Мен [подиумга] кечеде кийилчү көйнөк менен чыккан жокмун, анткен мени дизайнерим оңтойсуз абалга калтырды, мен көйнөгүмдү алмаштырууга жетишпей калгам. Ошондуктан мен алдыңкы бештикке кирем деп да ойлогон эмесмин».

I12A9554 (1)

I12A9658

I12A9680

Биринчи вице-мисс наамын Даяна Кенжебаева алды, а Милан Жаныбекова демөөрчүлөрдүн атайын байгесине — Түркияга барып-келүү жолдомосуна ээ болду.

«Дүйнө сулуусу-2015» сынагы Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында 19-декабрда өтөт.