Окурман Kloop.kgнин редакциясынын дарегине бир нече бала тарабынан кыздын уурдалуу ыктымалдыгы тартылган видео жөнөттү. Милициядан ал иш менен Бишкектин Свердлов райондук милиция бөлүмү алектенип жаткандыгын айтышты.

Кыздын болжолдуу уурдалышы саат 14:50лөрдө мурдагы «Нарын» рестораннын маңдайындагы Жеңиш аянтында болгон — эки бала күчкө салып кызды кара түстөгү BMW унаасына отургузушкан.

Күбөнүн айтымында, ал кыйкырыкты угуп, андан соң кыздын болжолдуу уурдалышын көргөн.

«Кыйкырыкты угуп кайрылып карасам кызды буту колунан алып көтөрүп баратышыптыр. Ал кыйкырып, тоскоолдук көрсөтүп жатты. Аны унаага эки бала киргизип жаткан, мен камерамда алып чыкканча бирөөсү унаага отуруп алган», — деди күбө.

Анын айтымында, андан соң BMW Фрунзе көчөсү менен барып Шопоков көчөсүнө кайрылып, төмөн көздөй кеткен.

Бишкек ШИИБсинен Kloop.kgге бул иш менен Свердлов райондук милиция бөлүмү алектенерин айтышты. Өз кезегинде милиция бөлүмүнөн тергөө иштерин баштоо үчүн кыздын уурдалуу ыктымалдыгы тартылган видеону жөнөтүүбүздү өтүнүштү.