Азырынча Свердлов райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкектин борборунда болжолдуу уурдалышы видеого тартылып алынган кызды таба элек. Алар видеодогу автоунаанын мамлекеттик номуру аркылуу кызды «уурдагандарды» таба албагандыктарын айтышты.

Кыздын болжолдуу уурдалышы Kloop.kgнин окурманы тарабынан 22-июлда тартылып алынган —  анда эки бала күчтөп кызды кара түстөгү унаага салып, Бишкектин түндүгүн көздөй кетип калышкан.

Милиция бөлүмүнүн кызматкери Эрмектин айтымында, алар автоунаанын мамлекеттик номуру аркылуу «кылмышкердин» дарегин аныктай алышкан эмес.

«Биздин кызматкер автоунаа катталган дарек боюнча барды, бирок ал жакта башка адам жашайт экен. Ал батирге үй-бүлөсү менен жакында эле көчүп келиптир, ага чейинки ээси тууралуу эч нерсе билбейт», — деп билдиришти милициядан.

Свердлов РИИБсинин башчысынын орун басары Жыпара Исакбаева видеону көрүп чыккандан кийин Kloop.kgге териштирүү иштери башталарын айтты.

«Кыздын уурдалгандыгы фактысы көрүнүп турат, ошондой эле автоунаалардын номурлары да тартылып алынган. Жарыяланган макаланын негизинде барып текшерүү керек», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчысынын айтымында, милиция кызматкерлери иштин териштирилишине көңүлсүз мамиле кылышкан.

«Расмий тергөө иштеринин башталышы үчүн ал кыздын ата-энесинен же өзүнөн арыз керек. Оозеки билдирүү эмес, а кыз тараптан жазуу түрүндө болушу керек», — деп түшүндүрдү милиционер Талант.

Бишкектин борборунда кыздын болжолдуу уурдалышы

Кыздын болжолдуу уурдалышы саат 14:50лөрдө мурдагы «Нарын» рестораннын маңдайындагы Жеңиш аянтында болгон — эки бала күчкө салып кызды кара түстөгү BMW унаасына отургузушкан.

Видеону редакцияга жөнөткөн күбөнүн айтымында, ал кыйкырыкты угуп, андан соң кыздын болжолдуу уурдалышын көргөн.

«Кыйкырыкты угуп кайрылып карасам кызды буту колунан алып көтөрүп баратышыптыр. Ал кыйкырып, тоскоолдук көрсөтүп жатты. Аны унаага эки бала киргизип жаткан, мен камерамда алып чыкканча бирөөсү унаага отуруп алган», — деди күбө.

Анын айтымында, андан соң BMW Фрунзе көчөсү менен барып Шопоков көчөсүнө кайрылып, төмөн көздөй кеткен.

Акыйкатчы институтунун 2013-жылкы маалыматына ылайык, Кыргызстанда бир жылда 15 миңден ашык ала качуу болот.

Ала качуу фактыларынын көбөйүшүнөн улам саясатчылар ала качуу үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтүн 10 жылга чейин көбөйтө турган мыйзамдын өзүнчө бир ченемин кабыл алышкан.

Ал чечнм президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 2013-жылдын январында кол коюлгандан кийин күчүнө кирген — ага чейин ала качуу үчүн 3 жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган болчу.