Орусиянын «РусГидро» мамлекеттик корпорациясы Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин курулуш мөөнөтүн создуктуруп, 2015-жылдын башынан бери объектилерди тургузуу боюнча иштерди каржылабай эле, деп билдирди вице-премьер-министр Валерий Диль Энергетика министрлигинин коллегиясында.

Нарын дарыясынын жогорку каскадындагы алгачкы гидроэлектрстанциясы 2016-жылы ишке берилиши керек болчу, бирок Дилдин айтымында, «РусГидро» объектинин курулуш графигин бузууда.

Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер төрт кичи станциядан турат. Каскадды куруу боюнча келишимге 2012-жылдын сентябрында кол коюлган, а объектилерди тургузуу иштери 2013-жылы башталган. Длбоорду каржылоо менен «РусГидро» алектенүүдө.

«КирТАГ» маалымат агенттиги Дилге шилтеме жасоо менен «РусГидро» каскаддын курулушун каржылоону 2015-жылы «токтотконун» жазды.

«2016-жылы алгачкы кубаттуулукту алышыбыз керек болчу, бирок биз андай болот деп үмүт кыла албайбыз. […] Өткөн жылы 960 миллион сом сарпталса, быйыл эч кандай каражат жумшала элек», — деп жазган «КирТАГ» Дилдин айткандарын.

Дилдин пикиринде, ал каражатты бөлүштүрүп биринчи ГЭСти өз убагында куруп бүткөрсө болмок. Азыркы тапта «РусГидро» жалданма компанияларга 200 млн. сомдун тегерегинде карыз.

«Президенттин аракети менен гана каржылоо маселесин чечилет. «РусГидро» курулушту каржылабай жатат», — деп жазда vb.kg сайты Дилдин айткандарын.

Басылма жакында бул маселеге байланыштуу жыйын өтөрүн жана «жагдай ошондо ачык белгилүү болорун» кошумчалаган.

Азырынча Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын басма сөз кызматы кыргыз вице-премьеринин билдирүүсү боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Каскаддагы ГЭСтердин курулушу тууралуу келишимге Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2012-жылдын сентябрында кол коюлган.

Алгачкы баалоого ылайык, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерге «РусГидро» 400 млн. АКШ долларын жумшашы керек болгон, бирок эки жылдан кийин ал сумма 727 млн. долларга чейин көбөйтүлгөн. Бардык төрт станциянын курулушу 2019-жылы аякташы керек.

Документтер боюнча, «РусГидро» менен Кыргызстандын «Электр станциялары» удуттук компаниясы долбоордо бирдей үлүштөргө ээ болушат. Бирок Кыргызстандын акцияларынын 25 пайызы долбоор өзүн актаганга чейин орусиялык энергетикалык алпка берилет.