Сыртынан 7 жылга эркинен ажыратылган Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун партиялаштары ага карата чыгарылган өкүмдү парламенттик шайлоонун алдындагы «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө.

22-июлда Ош шаардык соту Оштогу асма көпүрөнү курууда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп мурдагы мэр Мелис Мырзакматовго карата сыртынан 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Мурдагы калаа башчысынын «Улуттар Биримдиги» партиясындагы тарапташтары чыгарылган өкүмдү «саясий буйрутма» деп эсептешүүдө. Партиянын лидерлеринин бири Рысбек Мирзаматов Kloop.kgге Мырзакматовго карата өкүм анын жактоочусунун катышуусусуз чыгарылганын айтты.

«Соттук процесс жабык эшик артында, прокуратуранын өкүлдөрү менен мамлекеттик жактоочунун катышуусунда судьянын иш бөлмөсүндө өткөрүлдү», — деди ал.

Мирзаматов Оштун мурдагы мэринин азыр кайсыл жакта экенин билбестигин айтты — Мырзакматов ага каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондон кийин эл аралык издөөдө.

Мырзакматовжун дагы бир партиялашы Уран Ботобеков өкүмдү ушул жылдын күзүндө өтө турган «парламенттик шайлоонун алдындагы саясий куугунтуктоо» деп эсептейт.

«Мелис Мырзакматовдун өз электоратынын арасындагы чоң таасиринен улам бийлик аны саясий атаандаш катары көрүп, анын парламенттик шайлоого катышуусун каалабай эле», — деди ал.

«Чынында алдамчылык болгон»

Ош прокуратурасы Мырзакматовго каршы кылмыш ишин 2014-жылдын 27-ноябрында козгогон — ал түштүк борбордогу асма көпүрөнү курууда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деп айыпталган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын ноябрында кыргыз телеканалдарына курган маегинде Оштогу көпүрөнүн курулушундагы алдамчылыктар тууралуу кылмыш ишинде мыйзам бузуулардын «болгон болушу мүмкүндүгүн» билдирген.

«Бирок Мырзакматовдун мүнөзүн эске алуу менен мен мыйзам бузуулар болгон деп ойлойм, анткени ал адам өзүн хан сезип алган. […] Албетте кимдир бирөө өзүн аймактык падыша, хан катары сезип алып жатканы өлкөдөгү көйгөлөрдүн бири. Андай болбошу керек. Мыйзам баардыгы үчүн бирдей жана жооп берүүгө көнүшүбүз керек», — деп билдирген өлкө башчысы.

Аны менен катар Атамбаев эгер Ош прокуратурасы «бир нерсени ойдон чыгарган» болсо, анда мекеменин Оштун мэрине каршы козголгон кылмыш иши менен алектенип жаткан кызматкери «жооп бериши керектигин» кошумчалаган.

«Албетте, ошентсе да ал көпүрөнү куруудагы алдамчылык — бул албетте, чынында эле алдамчылык болгон», — деп эсептейт президент.

Анда өлкө башчысы «саясий куугунтуктоолор» жана шайлоолордун алдында «атаандаштарын четтетүү» жөнүндөгү пикирлерди интернеттен окуп алып «капалангандыгын» айткан.

«Саясий мүнөз»

2015-жылдын январынын ортосунда YouTube видео-хостинг сервисинде Оштун экс-мэринин видео-кайрылуусу жарыяланган. Анда ал прокуратуранын айыптоосун четке кагып, ага карата козголгон кылмыш ишти «саясий мүнөзгө ээ» экенин билдирген. Анткени айтымында, ал бийликчил КСДП партиясынын «курамында эмес».

«Андан сырткары, мага карата саясий репрессиялардын себеби, биз жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турганыбызда», — деген Мырзакматов.

Тема боюнча: Мырзакматов ага каршы козголгон кылмыш ишин «саясий мүнөзгө ээ» деп эсептейт

Ошондой эле ал көпүрөнүн курулушуна жумшалган «ар бир тыйын боюнча» отчет берүүгө даяр экенин билдирген — Оштун экс-мэри бийлик тарабынан долбоорду иштеп чыгууда 27 млн. сомду «максатсыз короткон» деп айыпталууда.

«Бул жалган жалаа. Азыр бийликчил басма сөз каражаттары чындыкты бурмалап, калпты чындай айтып, элди алдап ынандырганга аракет кылышууда. «Ак ийилет, бирок сынбайт» дегендей, чындык акыры жеӊерине биз ишенебиз! Биз Жараткандын алдында тазабыз! Мамлекеттин казынасына бир да тыйын зыян келтирбегенибиз үчүн бийлик калпты чындай айтууга аракеттенүүдө», — деген Мырзакматов.

«Андай арам аракеттин аягы өкүнүчтүү аяктарын эскертип коюу менин атуулдук парзым! Бийлик мага каршы кылмыш ишти быйыл өтчү парламенттик шайлоо алдында атайын козгоп жатат», — деп кошумчалаган ал.

Мырзакматовдун «Улуттар Биримдигиндеги» тарапташтары лидерине каршы кылмыш ишинин козголгонуна карабастан партия 2015-жылдын күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышарын билдиришти.

Июлдун башында «Улуттар Биримдиги» парламенттик көпчүлүктүн лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин «Ата Мекени» менен бириккен. Азырынча Текебаев Мырзакматовго карата чыгарылган өкүм боюнча өз пикирин билдире элек.

Экс-мэр

Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп 2009-жылдан 2013-жылга чейин иштеген.

Аны кызматтан алуу боюнча алгачкы аракеттер 2010-жылдын жайында — Ош менен Жалал-Абаддагы улуттар аралык кагылышуудан кийин дароо эле башталган.Бирок анда шаардын тургундары Мырзакматовдун кызматтан алынышына каршы чыгышкан.

2013-жылдын декабрында ал премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен кызматынан алынган. Мелис Мырзакматов Оштун мэрин кайрадан шайлоого катышкан, бирок анда Айтмамат Кадырбаев добуштардын көбүн алып, мэр болуп шайланган.

Партиялаштарынын билдирүүлөрү боюнча, Мырзакматов 2014-жылдын жаз айларында Москвага кеткен.

Анда кыргыз маалымат каражаттары Оштун экс-мэри бийлик тарабынан жасалып жаткан «асымдан» улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгондугун жазып чыгышкан.

2014-жылдын ноябрында Мырзакматов Кытайдын Үрүмчү шаарына келгендиги кабарланган, бирок Оштун мурунку мэринин кайсыл жерде экендиги азыркыга чейин так белгисиз.

Автор: Бактыгүл Ракымбаева.