Байыркы замандан бери белгилүү болгон сүлүк курт менен дарылоо учурда Бишкекте популярдуулукка ээ болуп келе жатат. Бул ыкма менен ийгиликтүү дарыланууга мүмкүн болгон оорулардын арасында тери, сөөк оорулары, кан тамыр, муун системасындагы оорулар сыяктуу бир далайы бар.

Гирудотерапия, же жөнөкөй адамдардын арасында айтылган сүлүк менен дарылоо — элдик дарылоонун байыркы ыкмасы.

Мунарбек Саипов ата-энесинин ишин улантып келе жаткан мураскер гирудотерапевт.

Анын айтымында, сүлүк курттар «адамдын организмине жакшы таасир эте турган» биологиялык активдүү заттарга (алар 150гө чейин жетет) ээ.

«Сүлүк курттар бардык эле ооруларды айыктырат деп айта албайм, бирок бир топ оорулардан дарылоого болот. Алсак, жүрөк-кан тамыр ооруларын, артериялык гипертензия, баш ооруларын. Кан басымы жогору адамдар биринчи кезекте сүлүк курттар менен дарыланса жакшы болот», — деди Саипов.

Башка гирудотерапевт Алтынбек Сариев сүлүк курттар менен 8 жылдан бери дарылап келет. Ага чейин бул ыкма менен ал өзү дарылануудан өткөн, качан ал натыйжалуу жыйынтык бергенден кийин Сариев сүлүк курттар менен башкаларды дарылап көрүү чечимине келген.

Ал сүлүк курттар менен негизинен кан тамыр, муун системалары, тери, сөөк оорулары жана жыныс системалары дарыланарын айтты — дарылануунун натыйжалуулугу 90-95 пайызды түзөт.

Сариев эгер дарылануу курсун толугу менен өтсө гирудотерапия салттуу медицинадан адамдын организмин калыбына келтиргендиги менен айырмаланарын билдирди.

«Сүлүк курттар менен операциясыз жана химияны пайдаланбастан эле дарылоого болот. […] Адамдар көбүнчө кан басымына, кан тамыр, муун, жүрөк ооруларына даттанып кайрылышат», — дейт ал.

Гирудотерапевттин айтымында, сүлүк курттар менен дарылоо үчүн Элдик медицина ассоциациясынан окуудан өтүү зарыл — анда окуу үч айга созулуп, аягында катышуучуларга сертификаттар берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, элдик медицина борборлору тууралуу так маалыматтар жок, бирок мекемеден Бишкекте лицензиясы бар адистердин аз экенин белгилешти.

Бишкекте гирудотерапевттердикиндей бир сүлүк курттун орточо баасы 150-170 сомду түзөт.

«Өзүңдү жеңил сезип каласың»

Нелли Ли — Мунарбек Саиповдун бейтаптарынын бири. Нелли ал орто оордуктагы кант диабети менен жабыркаарын жана бир жолу дарыгерлер ага сүлүк курттар менен дарылануу кеңешин бергендиктерин айтты.

«Мен эмнеге сүлук курттар менен дарылангым келүүдө? Анткени алар канды суюлта турган гирудин ферментин бөлүп чыгарышат, а менин каным кою болуп кеткен», — деди ал.

Айтымында, сүлүк курттар менен дарылангандан 10-15 мүнөт өткөндөн кийин эле «жеңилденүү сезилет».

«Белим дайыма кысылып турчу. [Дарылануудан кийин] дароо жеңилдөөнү сездим, башымды, ийиндеримди кыймылдата баштадым», — дейт Нелли.

Таабалды Шашкомов Жалал-Абад облусунан келген. Бир жыл мурун ал инсульт болуп, сегиз айга жакын төшөктө жаткан. Уулунун кеңеши менен Таабалды сүлүк курттар менен дарыланып көрүүнү чечкен.

«Дээрлик эки ай кыймылсыз жаттым. Анан бир аз туруп баса баштадым», — дейт ал.

Kloop.kgнин кабарчылары аны менен сүлүк курттар менен дарылоонун биринчи сеансында маектешишти.

«Өзүмдү жакшы сезип турам. Албетте ал каныңды соруп баштаганда бир аз ооруйт. А негизи оорубайт деле», — деп мойнуна алды Шашкомов.

Малайиядагы AIMST университетинин изилдөөсүнө ылайык, гирудотерапия баарынан кан тамыр-муун ооруларын натыйжалуу дарылайт.

Автор: Зинат Аптабалиева
Тарткан жана монтаждаган: Азат Рузиев.