Ат спортунун өкүлдөрү улуттук «Көк-бөрү» оюнун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү үчүн аларга депутат Карганбек Самаков керек экенин билдиришти. Парламентарий мыйзамсыз жер трансформациялоого айыпталып камакта.

Ат спортунун өкүлү Улан Абдрахманов Самаков депутат кезинде көк-бөрү оюнун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан киргизүү маселеси менен алектенип келгенин айтты.

«[…] ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү ачкычы Самаковдо десек болот, анткени ал ким менен жана кантип сүйлөшүү керектигин билет», — деп белгиледи Абдрахманов

Анын айтымында, оюнду материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү процессин аягына чыгарыш үчүн депутат үй камагына бошотулушу керек. А кылмыш иши боюнча тергөө иштерин андан кийин улантууга болот.

Бул боюнча түшүндүрмө алууга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Самаков Бишкекке жакын айылдардагы 260 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. Башкы прокуратура ага каршы «коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Учурда ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесинде Кыргызстандын атынан төмөндөгүлөр бар: акындар өнөрү, «Манас» эпосу, боз үй жана башка мамлекеттер менен бирге киргизилген «Нооруз» майрамы.