Жерүй алтын кенинин иштетилишине каршы митинг 21-июлда Талас облусунун Кара-Ой айылында өтүп, ага миңге жакын жергиликтүү тургун катышкан.
Митингдин катышуучулары кендин иши келтириши мүмкүн болгон экологиялык зыяндардан улам Жерүйдүн иштетилишине каршы болушууда.
Алар кендин иштетилиши калдыктарды сактоочу жайдан уулу заттардын агып чыгуусуна алып келип, Талас дарыясына зыянын тийгизиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат.
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров чогулгандардын алдына чыгып, эгер жаңы инвестор Жерүйдү иштетип баштаса миңдеген жарандар жумуш менен камсыз болоруна ишендирди.
«Кендин ишин камсыз кылуу үчүн облустан, райондон жана айылдардан жумушчу күчү тартылат», — деп билдирди Жуманазаров.
Оппозициялык «Мекенчил» саясий партиясынын лидерлеринин бири Төрөхан Жунусбеков Таластын эле кендин иштетилишине «эч качан уруксат бербестигин» билдирди.
«Кыргыз өкмөтү Жерүйдү 2007-жылы саткан, ошондо ал кезде премьер-министр болуп турган Атамбаев Таласка түшүндүрүү иштери менен келген, бирок таластыктар аны таштар менен тосуп алышкан. Таластын жашоочулары таштар менен унаасынын айнектерин талкалап ошондо эле конкреттүү позициясын көрсөткөн», — деп кошумчалады Жунусбеков.
Жерүйдүн иштетилишине каршы митингдер майдын башталышынан бери уланып келе жатат. Июлдун ортосунда премьер-министр Темир Сариев нааразычылык акциясынын катышуучуларына барып, аларды кендин жаңы иштетүүчүсү, орусиялык «Восток-геолдобыча» компаниясына объектиде иштерин баштоого мүмкүндүк берүүгө чакырган.
«Биз экологиялык зыяндын өтө аз болушу үчүн компанияга чоң талаптар менен шарттарды коюп жатабыз. Инвестор жаңы жабдууларды пайдалануусу керек болот», — деген анда Сариев.
Президент Алмазбек Атамбаев Жерүйдүн иштетилишине каршы митингге чыгып жаткардарды «ички душмандар» деп атап, аларга карата «катаал чараларды көрүү керектигин» билдирген.
«Күч колдоно турган да учур келди. Сырткы душмандар аз келгенсип ички душмандар да чыга баштады. Алардын өз ордуларын көргөзүү керек. Эгер жакшы сөзгө түшүнбөсө күч колдонууга туура келет», — деген өлкө башчысы Жерүйдүн иштетилишине каршы Таластагы митингдин уюштуруучулары жөнүндө айтып жатып.
Ички иштер министрлигинин 24-июлдагы жыйынында премьер Сариев милицияга Таластагы митингчилерди таратууну тапшырган.
«Жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдары кырдаалды түшүнүшүп, акцияны токтотуулары керек», — деп жазган «КирТАГ» анын айткандарын.
Жерүй кени
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Жерүй кенинин запасы 11,8 млн. тонна кенге жетет, анын 70 тоннадан ашыгын алтын түзөт.
Кен облус борбору Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан жана 1970-жылдары ачылган.
2015-жылдын февралында Кыргызстандын өкмөтү Жерүйдү иштетүү укугун берүү боюнча сынак жарыялаган. Майда мамгеология сынактын жыйынтыгы менен кенде алтын иштетүү укугуна орус ишкери Муса Бажаевге таандык болгон орусиялык «Русская платина» компаниялар тобунун туунду компаниясы эсептелген «Восток-геолдобыча» компаниясы ээ болгондугун билдирген.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, «Восток-геолдобыча» июндун башында Жерүйдү иштетүү лицензиясы үчүн 100 млн. АКШ долларын төлөгөн.
Орусиялык компания кенди ищтетүү укугуна кыргыз өкмөтү казакстандык «Visor» компаниясынын кенди иштетүү лицензиясын чакырып алгандан беш жыл өткөн соң ээ болууда.
«Visor» лицензиясынын чакырылып алынышын «экспроприация» (тартып алуу) деп атап, бул үчүн 548 млн. АКШ долларын талап кылып, Вашингтондогу Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борборго доо арыз жолдогон.
«Жерүй» боюнча соттук териштирүүлөр 2015-жылдын ноябрына белгиленген. Кыргыз бийлигинин шарттары боюнча, кенди иштетүү укугун утуп алган компания ал териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алып, «Visorго» компенсация төлөп бериши керек болот.
Эми «Восток-геолдобыча» Жерүйдү иштетүү укугун коргоп, эгер сот тиешелүү чечим чыгарса «Visor» компаниясына компенсация төлөп бериши керек болот.
Ошондой эле кенди иштетүү укугу үчүн жарыяланган сынакка орусиялык ири алтын өндүрүүчү «Полюс Голд» компаниясы менен Кыргызстандын «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы да катышкан. Бирок «Полюс Голд» сынактын шарттарын «көңүл коюп окуп чыккан соң» сынакка катышуудан баш тарткан.
Автор: Азамат Каработоев.