Британиялык The Prodigy тобунун мурдагы мүчөсү Лирой Торнхилл Бишкекте өткөн электрондук музыка фестивалында диджей катары чыкты.
Beeline Live Energy Fest фестивалы 24-июлда «Промзона» түнкү клубунун жайкы аянтчасында ачык асман алдында өтүп, электрондук музыканын миңдеген сүйүүчүлөрүн чогултту.
Фестивалдагы эң негизи адам The Prodigy тобунун экс-мүчөсү Лирой Торнхилл болду, андан сырткары кечеде орусиялык диджейлер Fonarev, Sonar жана Izvrat ойношту.
Торнхилл чогулгандарды The Prodigy тобунун мурдагы белгилүү хиттери, ошондой эле өзүнүн жеке тректтери менен сүйүндүрдү.
The Prodigy тобунун мурунку клавишниги жана бийчиси Лирой Торнхилл музыкалык жамааттын курамында 10 жыл болгон. 2000-жылдан кийин ал карьерасын өз алдынча улантып, диджейлик менен алектенип баштаган.
Видео: Темирлан Акимтеги жана Виталий Белошапкин
Текст: Малика Баяз