Президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде жогорку кызматтарды ээлебестигин убадалап, АКШ менен келишимдин денонсацияланышын колдоп, аппаратынын мурдагы жетекчисинин кармалышын «башкалар үчүн сабак» деп атады.
Атамбаев журналисттер менен болгон «Рух-Ордо» этно-комлексиндеги жолугушуусунда 2017-жылдын аягында президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өкмөт башчылыгы же Жогорку Кеңештин спикери кызматтарына барбай турганын убадалады.
Ал ошондой эле өлкө башчылыгына мураскер калтыруу ниети жок экенин билдирди.
«Келечекте өзүмдү премьерлик дагы, спикерлик дагы кызматта көрбөйм. Мен кийинки президенттин тынч иштөөсүнө тоскоолдук кылбайм», — деп жазган «АКИпресс» маалымат агенттиги Атамбаевдин айткандарын.
Аны менен катар президент калган эки жыл ичиндеги башкы максаты жергиликтүү саясатта болушунча жаштардын тартылышы экенин кошумчалады.
Парламенттик шайлоо тууралуу
Өлкө башчысынын пикиринде, 4-октябрда өтө турган шайлоодо парламентке төрт же беш партия өтүшү керек.
«Бардыгына жол ачуу керек, парламентте бир нече партия болсун, анын ичинде оппозициялык партиялар дагы. Мүмкүн төрт же беш партия. Парламентке кайсыл партиянын өтөрүн шайлоочулар гана чечет», — деп билдирди Атамбаев.
Ал шайлоого катышкандардын саны «анчалык көп болбой», жалпы шайлоочулардын 50 пайызынан «бир аз көбүрөөгүн» түзөрүн айтты. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын 43,2 пайызын түзгөн.
Аны менен катар ал бийлик «шайлоонун таза өтүшү» үчүн биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен автоматташтырылган добуш берүү системасын киргизип жатканын билдирди.
«Быйылкы шайлоо – бул 2017-жылкы президенттик шайлоого даярдык болот», — деп жазды «АКИпресс» агенттиги президенттин айткандарын.
Өткөн ишемби, 25-июлда президент Алмазбек Атамбаев парламенттин шайлоону 4-октябрга белгилеген. Бул 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.
АКШ менен болгон келишимди денонсациялоо тууралуу
Атамбаев АКШ менен кызматташуу тууралуу 1993-жылдын 19-майында кол коюлган базалык келишимди денонсациялоо боюнча өкмөттүн аракетин колдоду. Өкмөт кыргыз укук коргоочусу Азимжан Аскаровдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыйлыгы менен сыйлангандан кийин келишимд бир тараптуу бузган.
Президент Аскаровдун сыйланышын «атайын жасалган чагымчылдык» деп атады.
«Көпчүлүгү сыйлык ыйгарса ыйгарыптыр да деп жатышат. Бирок чынында чөпкө от койгондой болуп атат. Ал же өчүп, же өрт чыгып кетиши мүмкүн. Муну менен өзбек жамаатынын аң сезимине Кыргызстанда алар үчүн акыйкаттык жок дегендей ой жаратылууда. Бул атайын улут аралык мамилеге от жагууга багытталып жасалган чагымдай сезилет», — деп жазды 24.kg маалымат агенттиги президенттин айткандарын.
Анын пикиринде, Кыргызстанда чечими «аткарылышы керек болгон» соттук система бар.
Ал Аскаровдун сыйланышын 2006-жылы Кытайдагы уйгур укук коргоочусу Рабия Кадырдын Мамдепартамент тарабынан сыйланышына салыштырды.
«Анан үч жылдан кийин Синцзянда кандуу кагылышуулар орун алып, 200дөн ашык киши каза болгон. Мындан башка дагы мисалдар бар — бул нааразычылыкты жаратпай койбойт», — деди ал.
Буга чейин эл аралык уюмдар менен жергиликтүү укук коргоочулар Аскаровдун иши боюнча соттук процесс«бир тараптуу» жүргүзүлгөнүн билдиришип, укук коргоочунун бошотулушун талап кылышкан. 2010-жылы ал «улуттар аралык кастыкты козуткан», «массалык башаламандыктарды уюштурган» жана милиционерди өлтүргөн» деген айыптар менен өмүр бою эркинен ажыратылган.
Нарымбаевдин кармалышы тууралуу
Президент өз аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди — анын пикиринде, бул коррупциялык окуя «башкалар үчүн сабак» болот.
«Мен аны менен сүйлөшкөндө уурулуктан башкасынын бардыгын тең кечире турганымды эскерткем. […] Мен бул ишти токтото алмакмын. Бирок андай кылбайм. Тескерисинче, мен бул кылмыш ишинин козголушун каалагам. Буга чейин коррупция Ак үйдүн 7-кабатына чейин жетти деп айтып келишкен. Тазалоо керек», — деп билдирди ал журналисттер менен болгон жолугушуусунда.
Нарымбаев Башкы прокуратура тарабынан экс-мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнөн 200 миң доллар пара талап кылууга айыпталып 22-июлда кармалган.
«Данияр Ильич жакшы иштеди. Мен ага ырахмат айтам. Мен абдан капа болдум, анткени эгер кандайдыр бир маселе болсо, айрыкча акча менен байланышкан, мага кайрыл деп мен ага көп жолу айткам»,- деди өлкө башчысы.
«Лоялдууларды» гана чакырышкан
Президенттин басма сөз жыйынына кеминде Кыргызстандын төрт алдынкы онлайн-басылмаларынын өкүлдөрү катышышкан жок — «Вечерний Бишкек», КирТАГ, «Азаттык» жана Kloop.kg.
Буга карата КирТАГ маалымат агенттиги сайтына билдирүү жарыялоо менен өз мамилесин көрсөттү. Анда иш-чарага «шефке карата лоялдуу» болгон «тандалма ЖМКлардын» чакырылгандыгы белгиленген.
КирТАГдын журналисти Аскар Акталов Kloop.kgге басылманын редакциясы иш-чара тууралуу бир апта мурун эле билгенин, бирок президенттин басма сөз кызматы басма сөз жыйыны болбойт деп ишендирип келгенин билдирди.
«Биз басма сөз кызматынан сураганбыз, бирок бизге эч нерсе болбойт деп айтышкан. Орой айтканда, бизден бул маалыматты жашырышкан», — деди Акталов.
«Вечерний Бишкектин» интернет-порталы — vb.kgнин башкы редактору Дина Маслова басылманын журналисттерин президенттин басма сөз жыйынына «атайылап» чакырбай коюшкан деп эсептейт.
«Президенттин аппараты биздин редакциянын бийликке, анын ичинде Атамбаевге сын айтып келгенин эске алуу менен албетте ал жакта суроо дагы беришет деп бизден коркту да. Андан сырткары президенттин айткандарынан баарына, ал эмес анын агасынын өлүмүнө дагы «Вечерний Бишкектин» күнөөлүү экени көрүнүп турат», — деди ал.
Маслованын айтымында, президенттин басма сөз кызматы КирТАГка билдиргендей эле vb.kgнин редакциясына дагы басма сөз жыйыны болбой турганын айткан. Башкы редактордун айтымында, жыйынтыгында алардын кабарчысы иш-чарага кокустан катышып калган, анткени ал ошол кезде Ысык-Көлдө эс алууда жүргөн.
Президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон СМС-жазышуусунда басылмалардын эмне себептен иш-чарага чакырылбагандыгы боюнча суроого жооп берген жок, а андан соң телефон чалууларга да жооп бербей койду. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов дагы бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болуп чыкты.