30 жаштагы Калия Арабекованы зордуктоо үчүн соттолгондордун 200гө жакын тууганы «жабырлануучуну коргоп жаткандыгы» үчүн акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Арзыкан Момунтаева менен анын үй-бүлөсүн катаал жаза менен коркутушууда.

Соттолгондордун туугандары Таластагы шаардык музыкалык мектепке чогулушуп, Арабекованын экинчи жолу зордукталгандыгы тууралуу жалган билдирүү таратуу менен «коомчулукту адаштырып жатат» деп Момунтаева менен анын үй-бүлөсүн катаал жаза менен коркутушту.

Калия Арабекова — 2013-жылдын декабрында үч сот кызматкери (Талас облустук сотунун судьясынын жардамчысы Алтынбек Алыбаев, Кара-Буура районунун сот аткаруучусу Мукаш Кененсариев жана Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу Илгиз Карымбаев) тарабынан зордукталган Талас шаарында жашаган 30 жаштагы жалгыз бой аял.

2015-жылдын майында Талас шаардык соту алардын үчөөсүн тең катаал режимдеги абакка 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. vb.kg жаңылыктар сайта Арабековага шилтеме жасап, сот соттолгондордун баш коргоо чарасын өзгөртпөгөндүгүн жана алар өкүм күчүнө киргенге чейин «эркиндикте жүрө тургандыктарын» жазган.

Арабекованын айтымында, 2015-жылы 22-июлдан 23-июлга караган түнү анын үйүнө бир нече белгисиз адам кирип барып, «экинчи жолу зордукташып», аларга карата биринчи зордуктоо тууралуу жазган арызын алуусун талап кылышкан. Анын «Азаттык» радиосуна курган маегине ылайык, ал кол салгандардын арасынан Илгиз Карымбаевди тааныган.

https://soundcloud.com/kloop-1/c9zdht9qbs72

Талас облусу боюнча акыйкатчы Арзыкан Момунтаеванын уулу Шамил  Kloop.kgге курган маегинде соттолгондордун ата-энелери менен туугандары Арабекованы «коргобосун» деп апасына басым жасоого аракет кылып жаткандыктарын айтты.

«Алар адилетсиз өкүм чыгарылган деп айтып жатышат. Эмнеге Момунтаева Арабекованы коргоп жатат деп сурашты. Ташбараңга алып өлтүрөбүз деп коркутуп жатышат», — деди Шамил Момунтаев.

Акыйкатчынын өкүлүнүн уулунун айтымында, Илгиз Карымбаевдин апасы ага кол салып, коркутуп, «моюну менен бетин тыткан».

«Биз үй-бүлөбүз туш болгон коркунучтар тууралуу 10-15 күн мурун Ички иштер министрлигине билдиргенбиз, бирок бизди эч ким коргоого алган жок», — деп билдирди Момунтаев.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынан азырынча бул иш боюнча түшүндүрмө бере албай тургандыктарын билдиришти.

24.kg маалымат агенттиги ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме жасоо менен чогулгандар акыйкатчынын өкүлүнө ишенбей тургандыктарын айтышып, экинчи жолу зордуктоо болгон деп «окуяны көбүртүп-жабыртпоону» талап кылгандыктарын жазды.

Соттолгондордун туугандары Арабекованы зордуктагандардын күнөөлөрүн четке кагышып, жабырлануучу өзү «убакытты көңүлдүү өткөрүүнү» сунуштап, андан соң айыпталуучулардын үчөөнөн 90 миң сом талап кылгандыгын айтып жатышат.

Сүрөттө: Калия Арабекова.
Автор: Перизат Кубанычбекова