Кыргызстандык Владимир Евдошенко 1996-жылдан бери Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кулчулугунда болуп, полицейлердин биринин үч үй-бүлөсүнө иштеп келген, деп жазды «Новый регион» казак гезити.

Евдошенко тууралуу жаңылык «Новый регион» гезитинин сайтына 27-июлда жарыяланган. Басылманын маалыматы боюнча, кыргызстандык 1996-жылы Казакстанда «документтери жок калып», полицейлердин бири ага паспортун калыбына келтирүү жардамын сунуштаган.

«Евдошенко погончон адамга ишенүү менен бир нече жыл бою ага жана үй-бүлөсүнө жан аябастан иштеп калам деп ойлогон эмес», — деп жазылган гезиттин сайтындагы макалада.

Андан соң кыргызстандык «бекер кул күчү катары» башка адамга берилген, өз кезегинде ал Евдошенконун Кыргызстанга кайтып келүүсүнө жардам берген. «Үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдөн» улам ал жумуш издеп табам деген үмүт менен кайрадан Казакстанга кайтып барган.

«Бирок бир канча убакыттан кийин кайрадан полиция кызматкерлеринин колуна түшүп калып, алардын бирөөсүнүкүндө тамак үчүн иштеп калган. Албетте, Евдошенконун андагы абалы өзүнө жаккан эмес жана ал бир нече жолу «ээлеринен» качып кетүүгө аракет кылган. Бирок полиция күзөтү качкынды кармашып, кайрадан «ээлерине» алып барып турушкан», — деп уланткан макаланын автору.

Гезит Владимир Евдошенкого шилтеме жасап, ал «дароо үч үй-бүлөдө иштегенин», анткени алар туугандар болуп, аны «өз ара бири-бирине беришип» келишкендигин жазган. Макаланын авторунун айтымында, «кулдун» бар экендиги тууралуу полицейдин коңшулары менен тааныштары билишкен, бирок «баары тең унчукпай эле коюну туура көрүшкөн».

Гезиттин журналистинин божомолдоосуна ылайык, Евдошенко тууралуу билип туруп ал жөнүндө укук коргоо органдарына кабарлабагандар кулчулукта кармап турган полицейдин «бийлигинен коркушкан» же аны «кадимкидей эле көрүнүш катары кабыл алышкан».

«Ээлеринен» качып кеткенден кийин Владимир полицияга арыз жазган. Ошондой эле прокуратурага дагы кат жөнөтүлгөн», — деп билдирди «Новый регион».

Басылма бул окуя тууралуу Евдошенконун өзү, Тараздагы редакциясына барганда айтып бергендигин кошумчалаган. Макалада кыргызстандыктын ушунча жыл кайсыл шаарда «кулчулукта» болгондугу так жазылган эмес.

Казакстандагы кулчулук

Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын абалы тууралуу иликтөө жүргүзгөн «МК-Азия» гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов Kloop.kgге курган маегинде Евдошенко документтерин толук калыбына келтирип, Кыргызстанга кайтып келүүгө гана үмүттөнө аларын айтты.

Журналисттин айтымында, кыргызстандыкты кулчулукта кармаган полицейди жоопко тартуу мүмкүн эмес, анткени «Евдошенконун далилдери жок болот».

«Сотто аны кулчулукта кармагандыктарынын фактысын далилдеши керек да, а факты жок. Сотто ошол эле полиция кызматкерлери ал [Евдошенко] алардыкында жөн эле иштегендигин айтуулары мүмкүн», — деди Бабакулов.

Ал полицейлерге каршы алардын коңшулары гана көрсөтмө берип күбө боло алышат деп эсептейт. Бирок анын пикиринде, коңшулары андай кадамга барышпайт. Бабакуловдун айтымында, ал Казакстандын бийлиги адамдарды кулчулукта кармагандарды соттогон учурларды билбейт.

«Мен ээлери малайларын өлтүргөн учурларды билем. Мына ошондо аларды жоопкерчиликке тарта алышчу — малайларды өлтүргөндүктөрү үчүн», — деди «МК-Азиянын» башкы редактору.

Ал анын иликтөөсүнөн кийин Казакстан менен Кыргызстандын өкмөттөрү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо тууралуу келишимге кол коюшкандыгын кошумчалады. Бирок мыйзамдын иштеши үчүн мигранттар иштөөгө уруксат алып, легалдашуусу зарыл болот.

Бабакуловдун маалыматы боюнча, Казакстанда негизинен айдоо жерлерде иштеп жаткан «бир нече миң» Кыргызстандан барган жумушчулар бар болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдын июнунда Алматыдагы кыргыз консулдугунун кызматкерлери талааларда «мажбурап иштетүү» үчүн «мыйзамсыз алынып барылган» 17 кыргызстандыкты тапкандыктарын билдирген.