Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов кыргыз-казак чек арасындагы санитардык-карантиндик көзөмөлдүн алынарын билдирди.

Панкратов санитардык көзөмөлдүн алынары тууралуу өкмөттүн 28-июлдагы жыйынында билдирди — кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөлдүн жоюлушу өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунун алдында болууда.

Экономика министринин айтымында, Казакстан чек арадагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү алуу чечимин кыргыз делегациясынын Астанага болгон сапарынан кийин кабыл алган.

Буга чейин, 2015-жылдын июлунун башында Казакстандын улуттук экономика министри Ерболат Досаев чек арадагы санитардык-карантиндик, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл Евразиялык экономикалык комиссиянын тиешелүү чечиминен кийин алынарын билдирген.

«Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы санитардык-карантиндик, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык көзөмөл Кыргызстандын тиешелүү системаларын жактыруу боюнча ЕЭК кеңешинин чечими күчүнө киргенден кийин алынат», — деп жазган «New Times» казак маалымат агенттиги Досаевдин айткандарын.

13-июлда ЕЭКтин техникалык көзөмөлдөө маселелери боюнча министри Валерий Корешков Кыргызстандын чек араларды ачууга толук даярдыгы тууралуу билдирген. Корешков башында турган комиссия бир нече күн бою Кыргызстандагы чек ара, фитосанитардык, санитардык, бажы жана ветеринардык өтмөктөрдү текшерүүгө алган.

«Кыргызстан кээ бир маселелерди тактоодон башка [чек араларды ачууга даярдануу боюнча] коюлган бардык талаптарды аткарды», — деп жазган өкмөттүн басма сөз кызматы Корешковдун айткандарын.

Чек аралар Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн бардыгы тең Кыргызстандын интеграциялык биримдикке кирүүсү тууралуу келишим боюнча макулдашкандан кийин ачылат.

Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовдун маалыматы боюнча, документти Орусия, Армения жана Белоруссия ратификациялап, Казакстан гана калды.

Кыргызстандын ЕАЭБге киришин Орусия жактырган — алгач июлдун башында Мамдума, андан соң Федерация Кеңеши, а 13-июлда тиешелүү документтерге Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Белоруссия, Армения жана Казакстандын парламенттери да Кыргызстандын биримдикке кошулушу боюнча документтерди ратификациялашкан, бирок азырынча аларга өлкө башчылары кол коюша элек.

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, документтер толук ратификациялангандан кийин алар Евразиялык экономикалык комиссиянын документтер базасына барып түшүүсү керек болот. Андан кийин Кыргызстан биримдиктин толук укуктуу мүчөсү боло алат.

ЕАЭБге кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, өлкө башчылары менен жолугушуп, бизнес-форумдарга катышкан. Ал европалык ишкерлерди Кыргызстандын ЕАЭБ менен Кытайдын рынокторуна чыгууга «ачкыч» болуп бере тургандыгына ишендирген.