Башкы прокуратура 7 млн. сомдон ашык каражаттын жок кылынышы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун чиновниктерине каршы кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Kloop.kgге Улуттук онкология борборунун жетекчилигине карата кылмыш иши козголгонун, бирок азырынча алардын эч кимиси кармалбаганын билдиришти.

Тергөөчүлөрдүн маалыматтары боюнча, 2013-2014-жылдары Улуттук онкологиялык борбордун атайын эсебине оорулуулардын 7 млн. сомдон ашык каражаты түшпөй калган.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, оорулуулардын бул категориясындагыларга медициналык жардам бейтаптардын эсебинен көрсөтүлөт.

«[…] мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдагы талаптардын бузулгандыгы аныкталган», — деп жазылган башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Кылмыш иши Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 304-беренеси менен каралган «Кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана 171-беренеси менен каралган «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуунун» негизинде козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kloop.kgге «мындай учурларда негизинен комиссия түзүлөрүн» айтып, бул боюнча Улуттук онкология борборуна кайрылуу кеңешин беришти.

Бул боюнча Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Бактыгүл Султангазиевадан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Борбордун башка кызматкерлери интервью берүүдөн баш тартышты.

Башкы сүрөттө: рак клеткасы