Тилек Мамутов Google корпорациясынын өзүнүн экстраваганттуу чечимдери менен белгилүү Google X бөлүмүндө долбоорлордун менеджери болуп иштейт. Ал Kloop.kgге курган маегинде Интернет тарата турган аба шарлары жана Интернеттин жайылышы кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүндүгү тууралуу айтып берди.

Project Loon — 20 чакырымдык бийиктикке жогорку ылдамдыктагы Интернет тарата турган аба шарларын учуруу менен алектенчү инновациялык долбоор.

«Ал шарлар планетаны айланып учушат, биздин максат болсо Интернетти кыйла жеткиликтүү кылуу. Анткени азыр Интернет менен үч миллиардга жакын гана киши колдонот, бирок төрт миллиард адам аны дагы деле колдонбойт», — деди Тилек Мамутов Kloop.kgге берген маегинде.

Учурда шарлар тесттик режимде учурулууда. Бирок Мамутовдун айтымында, шарлар жалпысынан планетаны айланып бир нече миллиондогон чакырым учушкан.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн алыскы айылдарына Интернетти жеткирүүнүн оордугу көбүнчө мобилдик байланышты жеткирүү үчүн мунараларды пайдаланып жаткандыктарынан улам. Алардын радиусу калктын жыштыгы төмөн болгон айыл жергесинде жетишсиз болот.

Google тарабынан сунушталган чечим бир эле маалда 4G Интернет таратуучу боло турган аба шаарларынын үзгүлтүксүз кыймылдагы чынжырчасын элестетет.

Мындай аба шарларына жөнөкөй смартфондор аркылуу эле түздөн-түз туташууга мүмкүн болот.

Мамутовдун айтымында, бул долбоор колдончуулардын санын гана көбөйтпөстөн, Интернеттин өздүк баасын да төмөндөтөт. Интернетти пайдалануу арзаныраак болуп калат.

Кыргызстанга пайдасы тууралуу

Мамутов Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү дүйнөлүк желенин ролу тууралуу өз көз карашы тууралуу айтып берди. Ал пикирин билдирүүдө эл аралык McKinsey консалтинг компаниясы тарабынан 2011-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына таянды.

«[…] Эгер Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө Интернеттин жайылышы өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй 95-100 пайызга жетсе, анда ал глобалдуу ички дүң өндүрүмдү 2,2 триллион долларга жогорулатат. Бул 140 миллионго жакын жумушчу ордун түзөт жана 160 миллиондой адам жакырчылык чегинен чыга алат. Бул бизге Интернеттин канчалык пайдалуу экендиги тууралуу айтууда», — деди ал.

Мамутов эгер Интернет Кыргызстанга 100 пайыз жайылса өлкөнүн ички дүң өндүрүмү бир нече эсеге өсөрүнө ишенет.

Буга окшогон демилгелер

Google — Интернетти бүтүндөй дүйнө жүзүнө жайылтууну каалаган алгачкы корпорация эмес.

Америкалык Facebook социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг Internet.org түзүү демилгесин көтөргөн.

Учурда тиркеме Африканын, Латын Американын жана Азиянын бир канча өлкөсүндө иштеп жатат. Ал «саламаттыкты сактоо, жумушка орношуу жана жергиликтүү аймак тууралуу маалыматтарды камтыган» сайттарга кирүү «маалыматтарды берүүдө акы төлөмүсүз» ишке ашырылууда.

Ошондой эле Internet.orgдун ойлоп табуучулары Интернеттин жайылышын тездетүүнүн жолдорун издеп жатышат. Алардын ичинде «бийиктикке учуучу узун магистарлдык учактарды, спутниктерди жана лазерлерди пайдалануу» жолу бар.

Цукербергдин бул идеясын жаңы технологиялар индустриясынын Samsung, Opera Software, Nokia, Ericsson, MediaTek, Qualcomm сыяктуу алптары колдоого алышкан.

SpaceX жана Tesla Motors долбоорлорунун түзүүчүсү Илон Маск андан да ары кеткен — ал «эбегейсиз чоң Интернет-таркатуучу» түзүүнү пландап жатат. Маск Интернет таркатуучу 700 спутникти космоско 750 миң чакырым бийиктикке учурат.

Масктын бул идеясы дагы планетанын азыркыга чейин телекоммуникациялык кызматтар начар өнүккөн аймактарынын жашоочуларын Интернет менен камсыз кылууга багытталган.

Анти-индустриянын бардык эле лидерлери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө Интернеттин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну биринчи зарылдыктагы маселе деп эсептей беришпейт. Microsoft компаниясынын түзүүчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Google менен Марк Цукербергдин демилгелерин сынга алган.

Гейтстин пикиринде, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жашоочуларынын алдында Интернеттин жеткиликтүүлүгүнөн дагы маанилүүрөөк көйгөйлөр турат. «Безгек оорусунан өлгөнү жаткан адам асманды карап, андан аба шарын көрөт, бирок бул ага кандай жардам бере аларына түшүнбөйм», — деген оюн билдирген Гейтс Google Loon долбоору тууралуу.