Социалдык тармактардын жигердүү колдонуучулары менен шоу-бизнес ишмерлери төө буурчак сатууга байланышкан «алдамчылык» үйүн Таласта кармалган ырчы Омарды колдоп чыгышты.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Омар деген ысым менен белгилүү ырчы Өмүрбек Жанышевдин төө буурчак сатуудагы «алдамчылык» үчүн кармалышы тууралуу жаңылыкты кызуу талкууга алышты.

Соцтармактардын колдонуучуларынын бир бөлүгү ырчынын кармалгандыгы тууралуу жаңылык пайда болгондон кийин ал тууралуу терс пикирлерди айтышты — бирок андай мазмундагы пикирлер анчалык көп болгон жок.

«Пиар. Популярдуулук түбөлүк эмес. Анын популярдуулугунун жогорку чекити жокко чыгып баратат. Эл унутуп калбаш үчүн байкалып туруу керек», — деп эсептейт Даражан Курманалиева аттуу колдонуучу.

«Бир күн бою түшүнүксүз адамдардын түшүнүксүз тойлорунда ырдап үнүн бузгандан көрөк 40 тонн төө буурчак саткан пайдалуураак», — деп эсептейт Эмир Сабыркулов деген колдонуучу.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Эдил Байсалов «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу Омардын кармалышын «орто кылымга» салыштырды.

«Цивилдүү өлкөлөрдө мындай иштер сот аркылуу чечилет. Адамды келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн эле алып камап коюшпайт», — деп эсептейт ал.

Анын пикиринде, ырчынын кармалышы «укук коргоо органдарындагы адилетсиздикти» көрсөтүп жатат.

«Эгер белгилүү ырчыны ушинтип оңой эле темир тор артына камап коюп жатышса, анда эмне себептен биздин он миңдеген жердештерибиздин жыл сайын укук коргоо органдарынын адилетсиздигине туш болуп жатканын түшүнүү кыйын деле эмес», — деп жазган Байсалов.

Жарандык активист Айбек Баратов дагы Жанышевдин кармалышын «мыйзамсыз» деп эсептейт. Анын пикиринде, эгер ырчы төө буурчак үчүн акча карыз болуп калса, бул аны камакка алууга себеп болбойт.

«Эгер кимдир-бирөөдө дооматы болсо сотко барып МЫЙЗАМДУУ жол менен чечсин да. Мына ойлоп көрсөңөр сизге канча киши карыз жана сиз канча адамга карызсыз? Эмнеге сизди азыркыга чейин убактылуу кармоочу жайга камаша элек?! Мыйзамдарды окугула, криминал менен жарандык укук мамилелерин айырмалай билгиле», — деп жазды Баратов.

Юрист Нурбек Токтакунов бул иште милиция органдары карыздарды өндүрүп берүү менен алектенген «коллектордук агенттиктер сыяктуу» болуп жатышат деп эсептейт.

«Бул иш — соттук реформанын ордунан чыкпай калгандыгынын дагы бир күбөлүгү, анткени сот эбак эле карыздардын криминал эмес экенин милицияга түшүндүрүшү керек болчу. Мындай учурларда аларды белгилүү бир сыйакы үчүн дал соттор акташат же шарттуу мөөнөт беришет. Ошондуктан бул милицияга да, прокурорлорго да, сотторго да киреше алып келген коррупциялык механизм», — деп жазган Токтакунов өзүнүн соцтармактагы баракчасына.

Омар менен 2006-жылдан бери тааныш ырчы Самат Дөөлөтбаков дагы кесиптешин колдогон пикирин билдирди.

«[…] бул адамдын ак ниеттүүлүгүнөн күмөн санаган бир дагы мүнөт болгон эмес. Чынын айтыш керек Омар бул ак ниеттүүлүктү, ачыктыкты, боорукерликти, кайрымдуулукту, талантты жана ЭБЕГЕЙСИЗ адамгерчиликтүүлүктү бир алып жүргөн көп адамдардын бири», — деп жазды Дөөлөтбаков.